ТАЛАС. Эларалык валюта корунун миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен жетектеген жумушчу топ жана улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов, каржы министри Болот Абилдаев коштогон кыргыз тараптын өкүлдөрү 5-март күнү Талас облусунда иш сапары менен болушту. Меймандарды облус губернатору Искендер Айдаралиев кабыл алгандан кийин улуттук банктын Талас облустук башкармалыгында өрөөндүн банк кызматкерлери, кредиттик союздардын, өнөр жай, кайра иштетүү тармактарынын жетекчилери, ишкерлер менен "тегерек столдогу" талкуу өттү. Талас облусунда чет элдик жана ички инвестиция тартуу, айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, өнөр жай жана тоо кен өндүрүшүн өнүктүрүү, туризмди жандандыруу, айылдык банкатарды түзүп, кредиттик союздардын финансылык абалын чыңдоо талкуунун негизги темаралынан болду.