Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

ПРЕЗИДЕНТ АЯЛДАРДЫН БИЙЛИККЕ КӨБҮРӨӨК КАТЫШУУСУН КААЛАЙБЫ?


5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында аялдардын эларалык күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйында президент Аскар Акаев келээрки шайлоодо Кыргызстан аялдары көбүрөөк талапкерлигин койууга жана мамлекетти башкарууга көбүрөөк катышуусуна тилектештигин билдирди.

Аялдардын эларалык күнүнө арналган салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан 700дөн ашуун аялдар катышты. Мамлекет башчысы Аскар Акаев салтанатка келгендерди 8-март майрамы менен куттуктады. Кыргыз аялдарынын тарыхтагы жана азыркы учурда коомдун өнүгүшүндөгү орду тууралуу жогорку пикирин билдирди.

- Социалдык мобилизациялоодо эркектерге караганда аялдар активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Тилекке каршы алардын экономиканы көтөрүүдөгү аракеттерине жигиттер тарабынан колдоолор болбой атат.

Президент 2005-жылы өтүүчү щайлоого аялдардын да көбүрөөк катышуусун айтып, жогорку бийлик органдарында активдүү иш алып барышына тилектештигин билдиргенде жыйынга келгендердин көңүлү көтөрүлгөндөй болду.

– Силер баш ийдире элек өлкөнүн жогорку бийлик органдары гана калды деп ойлойм. Бирок бул деле оңунан чыкчу нерсе. Бул оюбуз алдыда келе жаткан шайлоолордо аткарылышы мүмкүн.

Аскар Акаев "бул жыйынга келээрдин алдында мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол койдум" дегенде салтанатка келгендер узакка кол чабышты.

- Мен ушул салтанаттуу жыйынга келээрдин алдында эле мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол койдум. Бул тармактарда көп аялдар иштейт эмеспи.

Жыйында президент ар бир облустан келген он баладан жана андан да көп төрөп, аларды тарбиялап өстүргөн энелерге «Баатыр эне» орденин тапшырды. Быйыл өлкө боюнча 100 аялга «Баатыр эне» наамын ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Ошондой эле ар бир облустун өкүлдөрүнөн бирден аял «Даңк» медалы менен сыйланды.

Жыйындын жылдагыдан деле айырмаланган эч нерсеси болгон жок, бир гана өзгөчөлүгү бул жолку салтанатка саясий партиялардын өкүлдөрү да чакырылган. Жыйынга катышкан «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова президенттин шайлоого аялдардын катышуусу жана аткаруу бийлигиндеги алардын ролу тууралуу пикирине карата мындай көз-карашын билдирди:

- Мисалы мен муну чын эле аялдардын аткаруу бийлигиндеги ролун жогорулатууга кам көрүү катары кабыл алган жокмун. Кыргызстандагы аялдардын парламентте же президенттин администрациясында аз экендигин түшүнүп, көрүп туруп чын ыкластан оюн айтып атат деп ойлоодон алысмын. Менин жеке оюм, президент майрамдык куттуктоо сөзүнүн арасында өзүнүн мурда айтып жүргөн дежур сөзүн кошо кетти.

XS
SM
MD
LG