Ирактын убактылуу америкалык башкаруучулугу жана ирактык өкүлдөрдөн турган өлкөнүн Башкаруучу кеңеши ортосунда өткөн жылдын аягында түзүлгөн келишим боюнча, үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан кийин өлкөдөгү бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берилүүгө тийиш. Жалпы элдик шайлоо болсо Иракта 2005-жылы гана өткөрүлөт жана ага чейин өлкөдөгү турмуш убактылуу конституцияга негизделет.
Ал конституциянын долбоорун 28-февралга чейин даярдап бүтүү керек деп макулдашылган, бирок Башкаруучу кеңештеги араздашуулардан улам, долбоор кечирээк түзүлдү. Аны кабыл алуу жөрөлгөсү 3-мартка белгиленген, бирок 2-мартта Багдад менен Кербала шаарларында удаасы менен бир нече террордук аракет ишке ашырылып, алардан жүздөгөн адам курман болгондуктан, салтанат 5-мартка калтырылган.
Ал тууралуу Башкаруучу кеңештин учурдагы төрагасы Мохаммед Бахр ал-Улум 3-март күнү жарыялады:
- Убактылуу конституцияны биз бүгүн кабыл алабыз деп үмүттөнгөнбүз, бирок үч күнгө аза күтүү жарыялангандыктан, ал салтанат эми АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн Багдаддагы баш ордосунда жума күнү кечки саат төрттө өткөрүлөт.
Кээ бир шийи саясатчылары убактылуу баш мыйзам долбоорунун айрым жагдайларына каршы чыккандыгынан улам, эми бул азем бүгүн да өткөрүлбөй калды.
Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремердин айтымында, өлкөнүн жаңы конституциясы Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер арасындагы эң прогрессивдүү баш мыйзам болмокчу:
- Аза күтүүү аяктагандан кийин, убактылуу башкаруучулук боюнча мыйзамга кол коюлат жана ал региондогу эң кеңири эркиндиктерге жол берет. 30-июнда коалиция бийликти ирактыктарга өткөрүп берет, келерки жылы болсо өлкөдө үч шайлоо өткөрүлөт жана Ирактын жетекчилиги тикелей добуш берүүдө аныкталат.
Убактылуу конституция боюнча, өлкөдө сөз эркиндиги жана негизги адам укуктары камсыз кылынууга тийиш. Ислам мамлекеттик дин деп жарыяланганы менен, шариат өлкө мыйзамдарынын негиздеринин бири деп гана айтылат. Демек, Ирак мыйзамдары жалаң гана шариаттан чыкпайт. Аялдардын укуктарын камсыз кылуу үчүн убактылуу парламенттеги орундардын 25 пайызы аялзатка берилүүгө тийиш. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган күрттөрдүн азыркы автономиясы сакталат жана мамлекеттик түзүлүш федералдык негизде болот. Бирок кийин андай түзүлүш өзгөрөөр-өзгөрбөшү тууралуу эч нерсе деп айтылбайт. Андан тышкары убактылуу конституция америкалык аскерлердин Иракта калышына уруксат берет.
Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Жон Абизэйддин айтымында, өлкөдөгү абал калыптанмайынча, америкалык аскерлер Иракта кала берет жана алар өлкөдөгү бардык башка эл аралык дагы, ирактык да куралдуу күчтөргө көзөмөл салат.
2005-жылдын январынын аягына чейин Иракта Улуттук жыйын шайланууга тийиш жана ал жыйын кийин өлкөнүн туруктуу конституциясын иштеп чыгат. Кээ бир ирактык күчтөр акыркы эки-үч айда демонстрация уюштуруп, 30-июнга чейин эле тикелей жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылган, бирок Бириккен Улуттардын өлкөгө келип кеткен атайын эксперттик тобу андай шайлоону үч айдын ичинде уюштуруу мүмкүн эмес деген бүтүмгө келди.
Ирактын 25 миллион калкынын 60 пайызын шийилер жана дагы 20 пайызын күрттөр түзөт, бирок Саддам Хусейндин учурунда өлкөнү суннилер башкарган. 1991-жылдагы согуштан кийин күрттөр иш жүзүндөгү автономияга жеткен, бирок ал расми түрдө бекитилген эмес.