Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: ОСКАР СЫЙЛЫГЫ. КРОКОДИЛ. СУПЕРКОМПЬЮТЕР


Апта башында америкалык киноакадемиянын Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Албетте, Оскар үчүн ат салышкандардын бардыгы тең эле ал күнү үйлөрүнө алтын айкелче менен кайтып кетишкен жок. Ал жарышта ар бир жеңүүчүгө төрт утулган атаандашы туура келет. Голливуд арманда калгандарды кантип сооротот болду экен?

Академия сыйлыкка көрсөтүлгөндөргө, алып баруучуларга, кыскасы кечеге катышкандардын бардыгына атайын белектерди даярдап коет. Алар жөнөкөй эле гүл, шоколад же башка майда-барат нерселер десеңиз, жаңылышасыз. Белектер чоң экрандуу акыркы моделдеги телевизор, Кариб деңизинде эс алуу үчүн билет, бриллиант же башка кымбат таштар менен жасалгаланган буюм-тайым болушу мүмкүн. Жалпылап айтканда, Жон Траволта, Том Круз, Жулия Робертс же Никол Кидман өңдүү “жылдыздар” Оскардын 76-жолу өткөрүлгөн аземинен куру кетишкен жок.

***

Былтыр Гонконгдун жээктеринде пайда болгон крокодил кыштын аякташы менен кайрадан элдин бүйүрүн кызыта баштады. Аны көргөндөр крокодил былтыркыга караганда семирип, эки метрге жеткенин айтышат. Жыл аягында аны кармоо аракеттери натыйжа берген эмес. Крокодилди колго түшүрүү үчүн атайлап австралиялык аңчы да чакырылган. Бир жолу аны кармоого аз калганда журналисттердин камералары жолто болуп, крокодил аңчылардан качып кутулган. Жергиликтүү эл үчүн жаныбардын кайдан келгени азыркы чейин табышмак бойдон кала берүүдө. Ошентсе да былтыр ошол рептилий Гонконгдо жылдын кейипкери деп таанылган. Кышты суунун түбүндө өткөргөн крокодилди кармоо иштери качан улантылаары белгисиз. Азырынча жергиликтүү жетекчилер анын качан жана кайда жүргөнүн каттоо менен алек.

***

Испания чоңдугу боюнча дүйнөдөгү экинчи эң ири компьютерди түзүүнүн үстүнөн иштеп жатат.
Суперкомпьютер ар кандай оору-сыркоо, кургакчылык менен күрөшүүгө, өнөр жай дизайнын өнүктүрүүгө жардам бермекчи.
Аны жасоого 70 миллион доллардын чамасындагы каражат жумшалып, суперкомпьютер 4 жылдан кийин даяр болот деп болжолдонууда. Эң чоң компьютер буга чейин Жапонияда чыгарылган. Испаниянын окумуштуулары суперкомпьютер секундуна 40 триллион жолу эсеп жүргүзө ала турган күчкө ээ болот дешүүдө. Анын жалпы кубаты жөнөкөй 18 миң компьютердикине тете болмокчу.
Падышалыктын илим жана технологиялар министри Хуан Коста Каталонияда жасалчу суперкомпьютердин көмөгү менен жер шарындагы аба ырайынын өзгөрүшү, Алцгеймер оорусу жана уйдун кутурмасы өңдүү глобалдуу проблемаларды чечүүгө артыкчылык берилет дейт.

***

Жакында “Мерсер” эларалык консалтинг фирмасы өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Анда Ирактагы согуш жана андан кийинки оккупация Багдадды жашоо үчүн дүйнөнүн эң начар шаарына айлантты. Турмуштун эң жогорку деңгээли Швейцариянын эки калаасы – Цюрих менен Женевада катталган.
215 шаар тартылган иликтөөдө саясий жана социалдык чөйрө, билим берүүнүн сапаты, байланыш системасынын өнүгүшү жана башка факторлор эске алынган.
Багдаддан тышкары эң начарлардын тизмесине Борбордук Африканын Бангуи шаары жана Конгодогу Браззавил менен Пуэнт Нуар киргизилди.
“Мерсердин” башка бир изилдөөсүнө караганда, ден соолук жана санитардык шарттардын сакталышын алганда Канаданын Калгари шаары биринчи, Азербайжандын борбору Баку акыркы орунду ээледи.

***

Ирактын америкалык администратору Пол Бремер чексиз проблемаларга туш болуп жатканы белгилүү. Согуштан кыйраган өлкөгө жетекчилик кылуу оңой эмес го. Аларга кошумча...тил үйрөнүү маселеси да бар. Бремер кесиби боюнча дипломат. Ал француз, норвег жана голланд тилдеринде сүйлөйт. Арабча болсо, ал өзү мойнуна алгандай, оңой эле үйрөнө алчудай эмес экен. Администратор күнүгө араб тили боюнча сабак алганы менен, азырынча бул иш алга жай жылып атканын айтат. Өткөн жумадагы пресс-конференциялардын биринде Бремер кабарчылар менен “Салам алейкум!” деп учурашты. Дагы бир жолугушуусунда болсо арабча “бул жакшы идея” - “жаййид” деп коюп отурду. Мындан тышкары, ал арабча башка сөз үйрөндү болду бекен?!
Айтмакчы, Кыргызстанга келген элчилердин айрымдары кыргызча үйрөнүүгө далаалаттанып жатканы маалым. Ал эми кыргыз элчилеричи? “Кызыктар дүйнөсүндө” аттуу берүүбүздү жоопсуз калган ушул суроо менен аяктайлы.

XS
SM
MD
LG