Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Ысыккөл облусундагы атуулдук коомдун өкүлдөрү ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасына кайрылуу жолдошту


Ысыккөл облусундагы атуулдук коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтышкан. Анда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзам катардагы атуулдардын кызыкчылыктарына каршы келет, анткени, анда айыл өкмөттөрүнө аткаруу жана мыйзам чыгаруу функциялары тең берилген. Бул Конституциянын биринчи беренесинин төртүнчү пунктуна да кайчы келет. Ал эми өлкөдө орун алган коррупция, бюджеттик каражаттарды жеке кызыкчылыктарда пайдалануу, мыйзамдарды, гендердик теңчиликти бузуу сыяктуу көрүнүштөр мыйзамдагы ушундай кемчиликтерден келип чыгууда, - деп белгиленген Кайрылууда. Ысыккөл облусундагы атуулдук коомудун өкүлдөрү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу айыл өкмөт башчыларынын жана айылдык кеңештердин төрагаларынын ыйгарым укуктарын так ажыратууну өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG