Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Аялдар коомдук турмушка шымалана катыша башташты


ТАЛАС. Аялдардын эларалык майрамынын алдында атуулдук демилгеге колдоо көрсөтүүчү "Айкөл" борборунун чыгарган тыянактарына караганда өткөн бир жыл аралыгында Талас облусунда аялдардын коомдук турмушка катышуусу бир топ жогорулаган. Жаңыдан түзүлүп жаткан коомдук жамааттардын жана буга чейин иш жүргүзүп келген өкмөттүк эмес уюдардын лидерлеринин 90 пайызга жакыны аялдар. Эларалык донор уюмдардын өрөөндөгү бардык ресурстук борборлорун да айымдар жетектешет. Айымдардын мамлекеттик жетекчи кызматында дагы үлүшү өсүп баратат. Облустук статистика, каржы, профсоюз, эсептөө палатасынын бөлүмдөрүн аялдар башкарышат. Өткөн шайлоодо Бакайата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчылыгын да айым жеңип алган. Өрөөндөгү 200 миңге жакын калктын 52 пайызынан көбүн кыз-келиндер түзөт. Ал эми саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин 80 пайыздан ашыгы айымдар.

XS
SM
MD
LG