Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Лиссабондо Азия өнүктүрүү фондунун келечеги талкууланат


БИШКЕК. Эртең Португалиянын борбор калаасы Лиссабондо Азия өнүктүрүү фондун толуктоо маселеси боюнча донорлордун жолугуушусу өтөт. Анда Азия өнүктүрүү банкынын донор-өкүлдөрү, банктын башкармалыгы жардамга муктаж өлкөлөрдүн абалын талкуулашат. Кыргызстандан бул жыйынга каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев катышмакчы.
1973-жылы түзүлгөн Азия өнүктүрүү фонду Азия өнүктүрүү банкынын эң ири фонддорунун бири болуп эсептелет жана анын каражаттары негизинен Азия өнүктүрүү банкына мүчө-өлкөлөрүнүн эсебинен толукталып турат. Азия өнүктүрүү фонду тарабынан экономикалык жардамдарга муктаж өлкөлөр үчүн ар тараптуу каржылык жардамдар көрсөтүлүп келет. Кыргызстанга да аталган Фонддон өлкөдөгү кедейчиликти кыскартуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жардамдар берилүүдө.

XS
SM
MD
LG