Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Ирактын убактылуу конституциясына кол коюлду


Ирактын башкаруучу кеңешинин 25 мүчөсү өлкөнүн убактылуу конституциясына кол коюп, бекитти.
Конституцияга өткөн жумада кол коюлмак. Бирок шийилерге каршы удаа-удаа жасалган бомба чабуулунда 140тан көп адам өлгөнгө байланыштуу өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланып, башмыйзамга кол коюу кийинге калган.
Өткөөл мезгилдин конституциясына кол коюуну Убактылуу кеңештин төрагасы Мохаммед Башир ал-Уллоум “Ирактын тарыхындагы чечүүчү окуя” деп атады. Кеңештин мүчөсү Масуд Барзани болсо:

- Бул мыйзам Ирактын биримдигин бекемдеп, арабдардын, күрттөрдүн, түрк элдеринин, ассириялыктардын жана башка калктардын эриш- аркак жашап, кызматташуусуна өбөлгө түзөрүнөн шек жок. Мен өзүм - ирактык күрт катары - биринчи жолу күрттөр өздөрүн толук укуктуу жаран деп сезишкенин, бул мыйзам аркылуу биз өз укугубузду жана жоопкерчилигибизди айкын билгенибизди ачык айтам, - деди.

Ирактын туруктуу башмыйзамы 2005-жылдын аягына мерчемделген референдумда кабыл алыныш керек.

XS
SM
MD
LG