ОШ. Ош шаарынын убактылуу абагында жаткан Гүлмайрам Усубалиева президентке жана башкы прокурорго арыз каты менен кайрылды. Г.Усубалиева ал каттын көчүрмөсүн бир катар массалык маалымат каражаттарына да жеткирткен. Катта ал уурулук кылды деп айыпталып жаткандыгын, чындыгында Т. аттуу милиция кызматкери аны куру опуска салып 1500 сом акча сурагандыгын, ал бирок акча берүүдөн караманча баш тарткандыгын, натыйжада милиция кызматкери тепкилеп-уруп, камерага отургузгандыгын баяндайт. Кезинде бул милиция кызматкери мени зордуктоого да аракет кылган деп жазган кат ээси.