Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Сербияда Вуковардагы кыргын боюнча сот жараяны башталды


БЕЛГРАД. Сербияда Вуковар кыргынын уюштургандардын үстүнөн сот иши башталды. 1991-жылы Хорватиянын Вуковар шаарында серб аскерлерлери хорваттарды жана серб эмес улуттагы 200дөй туткунду чочко фермасына айдап барып, өлтүрүп салышкан эле. Бул окуя 90чу жылдардын башында мурдагы Югославия тарап кеткенде орун алган эң чоң кан төгүү болуп эсептелет. Дүйшөмбү күнү бийликтер бул иш боюнча сот жообуна тартылып жаткан 8 кишинин бирөө түрмөнүн госпиталында жаракаттардан каза болгонун жарыялашты. Мирко Войинович мындан эки ай мурда түрмөнүн терезесинен секирип, жанын кыйганга аракеттенген болчу.

Күндүзгү жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG