АКШнын мамлекеттик департаментинин аялдар менен байланыштуу эл аралык маселелерди тейлеген координатору Шэрлот Понтичеллинин билдиргенине караганда, Ооганстанда Талибан режими кулаган акыркы эки жарым жылга жакын убакыттан бери аялдардын турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөргө канааттанат. Ооганстанга жаңы эле иш сапары менен барып келген Понтичелли айым 8-март – аялдардын эл аралык күнүндө "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кеңсесинде өткөн форумда буларды белгиледи:
- Мен Ооганстанда жагдай бир жыл мурдагыдан, албетте, он жыл мурдагыны айтпаганда да эки жыл мурдагыдан жакшы деп ишенимдүү билдире алам. Мен өз тажрыйбаман улам прогресс эми токтобосун айта алам. Кошмо Штаттар бул жерде сыймыктана турган нерселер көп. Жасала турган нерселер андан арбын.
Шэрлот Понтичеллинин айтымында, Ооганстанда азыр АКШнын демөөрчүлүгү астында аялдар үчүн 175 долбоор ишке ашырылууда. Алардын арасында саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономикалык программалар менен катар Ооган аялдарын жалпы улуттук шайлоого катыштыруу максатында каттоого алуу иш чаралары да кирет. Анткен менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кеңсесинде өткөн форумда теги оогандык, укук коргоочу аялдар америкалык расмий өкүлдүн баасын толук бөлүшкөн жок.
Маселен "Качкын аялдар өнүгүүдө" деп аталган бейөкмөт уюмдун башчысы Сима Валинин пикиринде, аялдардын турмушунда "салыштырмалуу" ийгиликтер болду, бирок алардын жагдайы азыр деле өтө оор:
- Аялдар азыр деле сексуалдык зомбулукка, кыйноого, аткезчиликке, күйөөгө эрксиз чыгууга, үй-бүлөдөгү зомбулукка кириптер болушууда. Бул тизме кайра-кайра кайталана берет.
Ал эми аялдардын "Ооганстандагы тынчтык жана адам укуктары үчүн" деп аталган альянсынын жетекчиси Зиеба Шориш-Шамлей өз сөзүндө буларга токтолду:
- Аялдар үчүн көп нерселер жакшырды. Алар эми сыртка талибдердин коштоосуз чыга алат, бирок көптөгөн куралчан адамдар алардын тынчын алууда. Алар иштөөнү кааласа жумушка бара алат, бирок ылайыктуу иш жок. Алар дарыланууну каалайт, бирок саламаттыкты сактоо системасы жок. Эң коркунучтуусу - алар каалаган адамы менен баш кошууга укуксуз.
Зиеба Шориш–Шамлейдин маалыматына караганда, өткөн аптада эле Герат провинциясында кеминде төрт аял күйөөгө мажбурлап берилип жатканына нааразылык билдирип, өздөрүн өздөрү өрттөп жиберишкен. Көп кайталанган мындай окуялар ошол эле замат белгилүү болбойт. Аталган маселеге 8-март күнү Кабулдун Политехиналык институтундагы жолугушууда сүйлөгөн учурунда Ооган президенти Хамид Карзай да кайрылды.
"Аялдар менен жаш кыздар күйөөгө күч менен берилүүдө. Бул биздин динге - исламга тикелей каршы келет. Биз уламаларыбыз мечиттердеги намаздар учурунда мындай көрүнүш исламга каршы келээрин элге түшүндүрөт деген үмүттөбүз",- деп айтты Хамид Карзай.
Ошондой эле Ооган президенти аялдарды коркунучту артка таштап, жалпы элдик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтүүгө чакырды.
Ооганстандын быйыл жыл башында кабыл алынган Конституциясы аялдардын коомдук-саясий турмушка аралашуусун кепилдейт жана аларга парламенттеги орундардын 25%ы берилишин карайт.