Жетимиш сегиз жаштагы Эсенов Россияда басылган өз китебин Түркмөнстанга алып келгени үчүн аткезчи деп айыпталып, өткөн айда камакка алынган эле. Бирок Эсенов мунун башкы себебин “Азаттык” радиосунун кабарчысы болгону менен байланыштырды. Өзүнүн абактан бошотулгандыгын ал эл аралык уюмдардын, АКШ жана Британия элчиликтеринин, ОБСЕнин активдүү кийлигишүүсү менен түшүндүрдү. Өзгөчө “Азаттык” радиосунун колдоосу чоң болду, деп айтты Эсенов. Түркмөн бийликтери жазуучу-журналисттен “Азаттык” радиосу менен кызматташууну токтотууну талап кылышты.