Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНДАГЫ КРИЗИС, ТУРИЗМ КӨЙГӨЙЛӨРҮ, СУУНУН ПАЙДАСЫН КАЧАН КӨРӨБҮЗ?


Бүгүн окурмандар “Вечерний Бишкек”, “Дело №”, «Московский Комсомолец - Кыргызстан» жана “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмалары менен таанышты. Бул жолу басылмалар кыз-келиндердин майрамдык салтанаттары, электр тармагындагы кризис, туризмдин көйгөйлөрү жана орус тилине арналган Эл аралык Конгресс тууралуу жазышты.

Бүгүн, шаршембиде жарык көргөн «Московский Комсомолец Кыргызстан» басылмасы Орусиянын жаңы премьер-министри Михаил Фрадковдун балалыгы, окуучулук, студенттик күндөрү тууралуу жазды.

«Кыргызстандын энергетикалык тармагы кризистик абалга кептелди. 7-8 жылдан бери калк жумушсуз калып, электр кубатына баа жылдан жылга көтөрүлүп, элдин төлөөгө чамасы жетпей калды. Көмүр, газ кымбат болгондуктан, аргасыздан калайык электр кубатын уурдап пайдалана баштады. Электр кубаттуулугун бөлүштүрүүчү станциялар да эскирип, иштен чыгып баратат» деп кризистин чыгуу себептерин талдоого алат кабарчы Асел Опурбаева.

Ушул басылма Бишкекте өткөн «Орус тили - эгемендүу өлкөлөрдүн шериктештигинде» Эл аралык Конгресси тууралуу кенен репортаж берди. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратып жаткан учурда, расмий тилдин жалындуу жарыгы көктө жаркырады. А балким, андай эместир, бул - тил саясатындагы тең салмактуулукту сактоого болгон аракет гана болбосун», - деп жазат кабарчы Ольга Беляева.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси да “Орус тилине арналган мындай эл аралык Конгресс Москвада, Варшавада, Берлин жана Прага шаарларында мурда болгонун , шериктеш өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчи өткөргөнүн, өлкөдө орус тилине расмий макам (статус) берилгенин” белгилейт. Журналист Ибрагим Рустамбек: “Кыргыз жана орус тилдери эгиздей ээрчишип, эл достугуна данакер болуп, бири-бирин толуктап, адамдын оң-сол колундай эки башка болгону менен бирдей кызмат кылууда”, - деген оюн билдирет.

Ушул басылмада Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашевдин “өлкөнүн агын сууларын пайдаланганы үчүн коңшу мамлекеттердин акы төлөөсү жөнүндөгү макулдашуунун башы ачылбай келатат” деген пикири жарыяланды.

Депутаттын айтымында “сууну пайдаланганы үчүн коңшулар акы төлөшү зарыл. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мисалы, АКШ Канадага суусун пайдалаганы үчүн жылына 770 миллион доллар төлөйт. Ага эч ким каршы эмес. Кыргызстан дагы базар экономикасынын мыйзамы менен жашап, суунун убайын көрүүсү керек”, - дейт депутат Сарпашев.

Бүгүн «Вечерний Бишкек» басылмасы журналист Елена Авдееванын өлкөдөгү туризм тармагындагы мүчүлүштөр тууралуу аналитикалык макаласына орун берди.

“Кыргызстанда 4 миң 300гө жакын туристтик фирмалар катталган. Бирок, өткөн жылы бардыгы биригип, казынага 14 миллион сомдук салым кошкон. Чынында өткөн жылы жеке сектордо 211 миң эс алуучу болуп, алар 30-35 миллион доллардык киреше табышкан”, - дейт автор.

Шаршембидеги “Дело№” басылмасы “Ысыккөл кемечилик” акционердик коомуна таандык 50 жүргүнчүгө ылайыкталган, өзүнчө каютасы бар “Альбатрос” кемеси 7 миң 500 АКШ долларына арзан сатылып кеткенин иликтөөгө алып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун жазды.

Бейшембиге басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Кыргызстандагы 100 саясатчынын кадыр-барк, бедели тууралуу бул жумадагы сурамжылоо маалыматын жарыялап жатабыз. Ошондой эле өлкөдөгү жер жана агрардык реформанын абалын, анын аткарылышын талдоого алган макала бар. Өлкөдөгү паспорт жаңыртуунун артында кандай максаттар турганын баяндаган макала да басылууда. Туризм тармагындагы ишмердүүлүккө лицензия берүү боюнча өкмөттүн иш-чараларына карата ишкерлердин ой-пикирлерине жана сунуштарына да орун берип жатабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG