9-мартта Алматыдагы “Ак жол” демократиялык партиясынын баш кеңсесинде журналисттерди коргоо уюмдарынын жетекчилери жана укук коргоочулар катышкан жыйын өттү.
Жыйында жума сайын чыгуучу ”Время” гезитинин кабарчысы Григорий Бендицкийдин үстүнөн башталган сот жараяны боюнча маселе талкууланды.
Бендицкийге Казакстандын Түндүк облусунун ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын подполковниги Билялов тарабынан жазыксыз жаманаттыга калтырды деген доо коюлган.
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Владимир Курбатовдун журналисттерди коргоо комитетинин лидерлеринин жана укук коргоочулардын суроолоруна берген жообуна караганда, эгерде Билялов сотко кайрылуу аркылуу чын эле Бендицкийдин Казакстандагы тартип коргоо органдарынын, атап айтканда Биляловдун өзүнүн былык-чылыктарын ачыкка чыгарган сын макалалары үчүн журналисттен өч алуу максаттын көздөгөндүгү аныкталса, анда ал ээлеген кызматынан бошотулат. Ошондой эле ал мыйзам алдында жооп берет, - деди Курбатов.
Ал эми журналист Бендицкийди коргоо комитетинин башчысы Болот Абиловдун пикиринде, Казакстанда бийликти сындаган эркин басылмаларды, айрыкча, карапайым калктан жаап-жашырылган маалыматтарды кайырмакка илген журналисттерди кысымга алган учурлар арбын. Айрым журналисттерди токмоктоп кеткен учурлар да улам көбүрөөк кездеше баштады, - деди Абилов.
“Время” гезитинин баш редакторунун орун басары Марат Сапарбековдун айтымында, Бендицкий көбүнчө тартип коргоо органдарын сындаган макалаларды жазат. Ошон үчүн Түндүк облусунун ички иштер башкармасынын башчысы Билялов андан өч алууну көздөп, ага каршы маалымат чогултуу үчүн атайын тыңчы жалдаган.
Сапарбековдун пикиринде, “Маселе Бендицкийди коргоодо эмес, маселе бардык журналисттерди коргоодо турат”.
Ушул аптада Казакстандагы “Ассанди таймс” гезитинин баш редактору Ирина Петрушеванын Орусиянын Санкт-Петербург шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан убактылуу кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады.
Алынган маалыматтарга караганда, Ирина Петрушева Санкт-Петербург шаарында Казакстандын бийлик органдарынын өтүнүчү боюнча кармалган. Ал төрт сааттан кийин гана бошотулган.
Айрым маалымат каражаттары тараткан маалыматтарга караганда, Петрушевага 2002-жылдын октябрь айынан бери бир нече жолу кылмыш иши козголгон. Бул айымга Казакстандын каржы полициясы издөө жарыялаган.
Өзү мурда редакторлук кылган “Республика” гезитинин редакциясы өрттөлгөндөн кийин күн сайын телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам Петрушева айым Казакстанды таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Петрушева 2002-жылы “Сөз эркиндиги” деп аталган журналисттерди коргоо комитетинин сыйлыгын жеңип алган. Ал эми 2003-жылдын февраль айында Европа парламенти өзүнүн резолюциясында Казакстандын жетекчилигине эркин журналистти кысымга алууну токтотуу талабын койгон.
Ушул тапта Ирина Петрушева Казакстандагы окумалдуу эркин басылма катары таанылган “Ассанди таймс” гезитин Москөөдөн чыгарып жатат.
Укук коргоочулардын пикиринде, Казакстанда сөз эркиндиги кагаз жүзүндө гана айтылат, иш жүзүндө бийликке сын айткан журналисттердин дээрлик бардыгы ар кандай себептер менен куугунтукка алынат.