Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Президент элчилерди кабыл алды


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаев бүгүн Ооганстан ислам республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шахжахан Ахмади мырзадан ишеним грамотасын кабыл алды. Жолугушуу учурунда Ооган элчиси эларалык терроризмге каршы күрөшүү багытындагы Кыргызстандын иш чараларына жана ооган качкындарына жакшы шарт түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле президент бүгүн Вьетнам социалисттик республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Фам Зуй Шонду кабыл алды. Жолугушуу учурунда элчи президент Аскар Акаевге ишеним грамотасын жана Вьетнамга ырасмий иш сапарына чакыруу кагазын тапшырды. Ушул эле күнү өлкө башчысы Исландиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Бенедикт Джонсонду кабыл алып, элчи президентке ишеним грамотасын тапшырды.

XS
SM
MD
LG