Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

ТАШКЕН МЕЛДЕШИ КҮРӨШ БАЛБАНДАРЫНЫН БАГЫН СЫНАП, АФИНАГА ЖОЛ АЧАТ


13-14-мартта Ташкенде грек-рим күрөшү боюнча Афина олимпиадасына талапкерлерди иргеп, жолдомо берүүчү эл аралык мелдеши өткөрүлөт. Мында 7 салмак категориясына жараша жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогондорго төрттөн жолдомо ыйгарылат. Бул олимпиадага жол ачкан таймашка кыргызстандык балбандар да катышууда.

Ташкенге аттанган жигиттер Афина олимпиадасына жолдомо алууга акыркы мүмкүнчүлүк үчүн таймашат. 60 кг. салмакта эл аралык спорт чебери Исламедин Умурзаков, өткөн жылкы Азия чемпионатынын коло байге ээси, жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Канат Бегалиев 66 кг. салмакта күч сынашат.

Ал эми мурдагы жылы Пусанда өткөн 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Дүйшөмбүдөгү 5-Борбор Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов (сүрөттө) 74 кг. салмакта таймашууга чыгат.

Оор салмакта өлкөнүн намысын спорт чебери Дилшат Хаджиев коргойт. Команданы өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов баштап барды.

Балбандары сүрөөнгө алуу үчүн өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев, грек-рим күрөшү федерациясынын жетекчиси Бейшен Абилдаев, Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Раатбек Санатбаев баштаган бир топ күйөрмандар Ташкенге барышты.

Балбандардын даярдыгы, маанайы тууралуу өлкөнүн грек-рим федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов менен телефон аркылуу Ташкенттен байланыштык. Өлкөгө эмгек сиңирген устат Алмаз мындай деди:

- Ушул 4 жигиттин ичинен Данияр Көбөнөв менен Канатбек Бегалиевге ишеним артып турабыз. Балбандардын даярдыгы дурус эле. Мындай маанилүү мелдеште чучукулак кармоо менен аттандаштар аныкталат. Кандай балбандарга туш болот? Алгачкы беттешүүлөрдө кандай күрөшөт? Ошого жараша бак айтып, кимдин жылдызы жанат? Аны мелдеш көрсөтөт. Үмүт үзбөй турабыз.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков жакында Сербия жана Черногориянын Новий-сад шаарында өткөн мелдеште Канат Бегалиев дүйнөнүн экс-чемпиону, казакстандык Манукянга бир упайга алдырып койгонун жана балбандардын мүмүнчүлүгү тууралуу өз пикирин мындайча билдирди:

- Төрт балбандан Данияр Көбөнов менен Канат Бегалиев Афинага жолдомо алып калабы деген үмүт бар. Себеби, ошондо Данияр сасык тумоолоп ооруп калып, өзү каалагандай ийгиликке жетпей калган. Ал эми Канатбек болсо казакстандык атаандашына акыркы мүнөттөрдө 4:5 эсеби менен алдырып койгон. Азыр экөө тең табында турган учуру. Ислам Умурзаков дагы эл аралык мелдештерде такшалган жигит. Балким, анын дагы жылдызы жанып калышы мүмкүн.

Учурда өлкөдө грек-рим күрөшү боюнча Афина олимпиадасына жолдомо жеңип алган 3 балбан бар. Алар - жаштар арасында дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Уран Калилов, Геннадий Чхаидзе жана Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Жанарбек Кенжеев.

Ташкенде 13-мартта баштала турган таймашуулар жөнүндө 14-Азия оюндарынын коло байге ээси, Азия чемпиону, Сидней олимпиадасынын катышуучусу Уран Калилов өз пикирин мындайча билдирди :

- Чынында, биздин балбандардын даярдыгы орто. Афинага 3 жолдомо алууга мүмкүн дагы эмес. Мындайча айтканда, Өзбекстан спортчулары мурдакы мелдештерде Афина олимпиадасына 2 жолдомо гана алышкан. Ошондуктан, алар өз жериндеги мелдеште бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, көп жолдомо алууга аракет кылышат. Дагы баса белгилеп айта кетчү жагдай - Казакстандык балбандар азырынча Афинага 3 жолдомо гана алышкан. Эми Ташкендеги таймашууларда алар дагы ар түрдүү “ыкмаларды” колдонуу менен калыстарды “сатып” алышып, таасирдүү кишилерин ортого салышып, балбандарына “жардам” беришет. “Бул мелдеш таза, калыс өтөт” деп айта албайм. Биздин жигиттерге кыйын сыноо болмокчу. Жок дегенде бир жолдомо алып келишсе деп үмүт кылып турам.

Ташкендеги мыкты балбандарга Афина олимпиадасына жолдомо берилүүчү мелдеште өлкөнүн эл аралык деңгээлде таанылган калысы Кочкорбек Кулматов да кызмат кылат.

Күч сынашуунун жыйынтыгы 14-мартта кечинде аныкталмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG