Россия президенттик шайлоого даярданып жатат. Алгачкылардан болуп Арктика жана Антарктикадагы илимий-изилдөө станцияларында иштеп жаткан жүздөгөн адис менен түндүктө жашаган балыкчылар добуш беришти. Алар үчүн бир нече шайлоо чөлкөмдөрү уюштурулган. Алардын бюллетендери салынган кутулар жакшылап бекитилип, “чоң жерге” алып барылып, 14-мартта гана ачылмакчы. Кыскасы, Москванын айтымында, бардыгы тең мыйзамга ылайык жасалууда. Айтор, орустар Түндүк уюлда да “ысык” президенттик шайлоону өткөрүштү!
Малайзиялык бир диний кызматкер болсо шайлоочуларды үгүттөнүн башка жолун тапты. Ник Азиз Ник Мат жергиликтүү гезиттердин бирине берген интервьюсунда оппозициядагы ислам партиясына добуш бергендер бейишке чыгат деп жарыялады. Ал эми 21-мартта өтүүчү добуш берүүдө исламчыларды колдобогондор тескерисинче тозокко түшүшү ажеп эмес.
Өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Махатхир Мохамад болсо эми Ник Азиз кимдер анын тилин уккан-укпаганын өз көзү менен көрүш үчүн бейишке шашып атса керек деген жоромолун айтты.
10 жылдан бери жуунуп-тазаланбай жүргөн бир кениялык дыйканды акыры кошуналары күчкө салып киринтишти. Капенгури шаарчасынын тургундары 52 жаштагы Жон Касаконгдун сасык жытына чыдабай, жумуштан үйүнө кайтып келаткан жеринен аны аркан менен байлап салышты. Андан кийин айылдын эң күчтүү деген 4 кишиси жакшылап анын кирин кетиришти. Бул “тарыхый окуяны” бүт калайык, анын ичинде жергиликтүү уруунун башчысы да карап турушту.
Жондун кошуналарынын айтымында, самын-суу көрбөгөн “бечаранын” жаман жытынан айласы кеткен жашоочулар атайлап бул олуттуу иш-чараны ишке ашырышкан экен.
Гиннес рекорд китеби тарабынан дүйнөнүн эң карган жашоочусу деп табылган испаниялык Хуан Риудаветс Молл өткөн жумада көз жумду. Менорка аралынын тургуну үч ай мурун өзүнүн 114 жылдыгын белгилеген эле.
Молл карыя 1889-жылдын 15-декабрында Баллеарх кыштагында туулуп-өсүп, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап турду.
Ал 50 жыл илгери өтүкчүнүн жумушун таштап, ардактуу эс алууга чыккан.
Өзүнүн узун өмүрүн жерортолук деңиз аймагындагы диетасы менен түшүндүрчү. Хуан негизинен помидор, зайтун майын жана балык жечү экен.
Молл былтыр сентябрда андан мурунку рекордсмен кайтыш болгондо Гиннес китебине киргизилген. Айта кетчү нерсе, эң улгайган киши катары Гиннесте катталыш үчүн анын туулган жылын расмий далилдеген документ болуш керек.
Моллдун кемпири да 90го чыгып өлүптүр. Алар тээ алыскы 1917-жылы баш кошушкан.
Индиянын Ковур шаарынын тургуну Срихари Рао шаардык кеңешти сотко бергени жатат. Анын себеби – Рао жана анын үй-бүлөсү чиркейлерден жапа чегип жатышы. Срихаринин ырастоосунда, шаардык бийлик курт-кумурскаларга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат. Натыйжада, Раонун үй-бүлөсү кудайдын куттуу түнү дурустап уктай албай, малярияга каршы жылыга эмдөө алууга мажбур.
Анын үстүнө, жакында Делидеги Жогорку сот зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү өкмөттүк мекемелердин милдетине кирет деген чечим чыгарган, - дейт Рао.
Жергиликтүү кеңештин адвокаты болсо чиркей чагып алды деп кантип соттошсо болот, мындай киши өзгөчө жапа чеккенин кантип далилдейт деп колун жаят.
Рао жергиликтүү бийликтен компенсация катары 150 миң рупий же 300 доллар талап кылганы жатат.