БИШКЕК. Сот адилеттигин талап кылып Кочкор-Бишкек багыттында төр күн бою жөө жүргөн Кочкор районундагы «Бейшенаалы» дыйкан чарбасынын өкүлү Калиса Бейшеналиева жума күнү кечинде өз акциясын токтотту. Бул тууралуу Бейшеналиева менен чогуу келген «Эр айдоочу» укук коргоо уюмунун башчысы Качкын Булатов маалымдады. Анын айтымында, фермер аялды жума күнү кечинде Кочкор районунун акими Алмаз Кулматов жетектеген райондук бийлик жетекчилери Токмок шаарына кире бериш жерден алып кетишти. «Бейшенаалы» фермердик чарбасына 1995-жылы берилген мал сарайдын башка бирөөгө мыйзамсыз сатылгандыгына жана ал бонча жүргүзүлгөн сот чечимдерине нааразы болгон Калиса Бейшеналиева «Ак үйдүн алдына келип, өзүн-өзү өрттөйм» деп Кочкордон 9-мартта Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыккан.