Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Карачиде бүгүн крикет оюну боюнча Пакистан менен Индиянын мелдеши өттү


Соңку он төрт жылдан бери индиялык крикетчи спортсмендер биринчи мерте Пакистанда болушту. Президент Первез Мушарраф муну эки өлкөнүн ортосундагы “жаңы доордун жышааны” деп атады. Мелдештин коопсуздугун камсыз кылганы беш миңдей полицмен жана бир жарым миң жоокер тартылды. Оюнду индиялык курама утуп алды, бирок башкы утуш – эки коңшу элдин өз ара карым-катнашын спорт аркылуу чыңдоону каалагандар болду, - дешти жергиликтүү адистер.


Эл аралык кабарлардын кечки топтомун даярдаган - Эсенбай Нурушев, Прага шаары

XS
SM
MD
LG