Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

КАЗАКСТАНДАГЫ ЖЕР КӨЧКҮДӨН АДАМ ӨМҮРЛӨРҮ КЫЙЫЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага 13-марттан 14-мартка ооган түнү Казакстандын Алматы облусундагы “Ак-булак” санаториясынын аймагында ири кырсык болуп, жер көчкүнүн алдында 29 адам калды.

Көз ачырбай жааган жаандан топурак камырдай эзилип, натыйжада тоонун боору урап түшкөн. Апаат тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Кайыржан Төрөжанов мындай маалымат берди:

- Жергиликтүү убак боюнча түнкү саат 1ден 30 мүнөт өткөндө жер көчкү болду. Бир нече адамдын өмүрү кыйылды. Көчкү алдында көп квартиралуу эки кабаттуу там жана дагы бир барак үй калды. Алдын ала маалыматтар боюнча, үйлөрдө 29 адам бар экен. Алардын тогузу Кытайдын атуулдары. Алар бул үйлөрдө убактылуу жашап турушуптур.

Акыркы маалыматтар боюнча, көчкүнүн алдынан 23 адамдын сөөгү табылды, алардын бешөө балдар. Набыт болгондор арасында Кытайдын атуулдары да бар. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
Кырсык болгон жерде 200дөй куткаруучу иштеп жатат. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Кайыржан Төрөжанов куткаруу иштери кол менен жүрүп жатат, анткени техниканы салганда балким тирүү адамдар болуп калса аларды зыян кылып алабызбы деген сактануу бар дейт:

- Куткаруучулар саат 4төн баштап иштеп жатышат. Куткаруу жумуштары негизинен күрөк менен жүрүп жатат, анткени аман калгандар болсо техника аларды зыян кылып коюшу мүмкүн.

Бактыга жараша, көчкүдөн аман калгандар да бар. Куткаруучулар жер алдынан үрөйү учуп, коркуп калган беш адамды сууруп чыгышты. Үчөөсүнүн ден соолугу оор экен – алар Талгар райондук ооруканасына жеткирилди. Аман калган дагы 40тай адам коопсуз жакка көчүрүлүп чыкты. Алар убактылуу башпаанек, тамак аш, дары-дармек менен камсыз болушту.

Кырсык болгон жерге Казакстан өкмөт башчысы Даниал Ахметов баштаган жетекчилер барышты. Кырсыктын кесепеттерин Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжао Сяопей да барып, өз көзү менен көрдү.
Премьер-министр апааттан аман калгандарга эки күн ичинде үй-жай таап бергиле деп Алматы облусунун жетекчилигине тапшырма берди. Өкмөт апааттын кесепеттерин жоюу максатында атайын комиссия түздү. Президент болсо өкмөткө көчкүдөн жапа чеккендерге жардамды аябагыла деген тапшырма берди.

XS
SM
MD
LG