Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

ОШТО ЖАСАЛМА БӨЙРӨК САЛЫНА БАШТАДЫ


Кожогелди Култегин, Ош Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына Германиянын «Фрезеньюс» фирмасы чыгарган аппарат алынып келинип, оорулууларга жасалма бөйрөк салынып, бир нече адам өлүмдөн калды.

Германиянын “Фрезеньюс” фирмасы чыгарган мындай акыркы муундагы аппарат Кыргызстанда жок. Академик Мирзахимовдун кардиологиялык институтунда гана анын эски түрү бар болчу. Аппараттын кандайча сатылып алынып, Ошко кантип алынып келингени тууралуу облустук бириккен клиникалык ооруканын башкы директору Токтомамат Абдымомунов буларды айтты:

- Аппарат түштүк Кыргызстан үчүн керек. Себеби оорулуулардын баарынын эле Бишкекке барганга мүмкүнчүлүгү жок. Депутаттардын Ош облустук кеңешинин сессиясына бул маселени койдук. Ошол жерде депутаттарыбыз колдоп, 2003-жылдын бюджетине 5 млн. сом бекитилип берилген. 2002-жылдан баштап дүйнөгө атагы чыккан ушул аппаратты жасаган Германиянын «Фрезеньюс» деген фирмасы менен жолугуп, анын өкүлү Ошко 2-3 жолу келип, таза суу маселесин изилдеп кетишкен. Ошондо биздин суубуз алардын талаптарына туура келген.

Эгерде аппаратты сатып алабыз деп суранган жактын суусу алардын чендерине туура келбесе аппарат ал жакка сатылбайт. Аппаратты колдонууну билиш үчүн алдын ала чоң даярдыктар көрүлгөнүн Токтомамат Абдымомунов мындай билдирди:

- Аппаратта иштей турган биздин врачтарыбыз, инженерлерибиз ушул фирманын эсебинен Москвадан барып билимдерин өркүндөтүп келишти. Орто билимдүү кызматкерлерибиз институт кардиологияда бир айдан иштеп келишти. Учурда аппарат эл үчүн кызмат кылып атат.

Оорукананын жасалма бөйрөк бөлүмүнүн башчысы Нышанаалы Акунов аппарат жаңы болгону менен мындай иш усулу мурдатан бар экенин белгиледи:

- Жасалма бөйрөк салуучу аппарат менен иштөө облустук ооруканада 1980-жылдардан башталган. Алгач - реанимация бөлүмүндө АЮП-140 деген аппарат коюлуп, ошондо иштегенбиз. Андан кийин 1987-жылы СГД-1 деген аппарат алганбыз. Ал дагы СССРден чыккан эле. 2000-жылы аппараттын бузулуп калганына байланыштуу бул метод менен бейтаптарды дарылай албай калганбыз. Ошол арада жасалма бөйрөй сала албай калдык - айрым оорулуулар өлүмгө дуушар болушкан. Германиялык фирма «Фрезеньюстан» ушул аппарат алынып келип, февраль айынан бери азыркы метод менен бейтаптарды өлүмдөн сактап калып атабыз.

Нышанаалы Акунов аппаратка кимдер муктаж экендигин эсептен өткөрдү:

- 4 миңдей адамдын бөйрөктөрү ооруйт, бизде алар эсепте турат. Ошолордун 15-20 пайызы ушул аппараттын жардамына муктаж. 3500-3700 бейтап кант диабети менен ооруйт дагы, 8 пайызы биздин аппаратка муктаж. Боюнда болгондо, төрөгөн учурларда бөйрөгүнө күч келип, бөйрөгү иштен чыгып калган учурлар болот. Алардын эсеби 2,5 - 3 миңге жакын. Алардын дагы 8 пайызы биздин аппаратка муктаж.

Организмине ушул аппарат туташтырылып, бөйрөктүн күчү жетпей, канга аралашып кеткен зыяндуу калдыктарды тазалатып жаткан оорулуулардын бири Нүргүл Кожоновага микрофон сундук:

- Ооруганыма 10 жылдай болду. Абалым аябай кыйын болуп, облустук неврологияга, жасалма бөйрөк бөлүмүнө жаттым. Ушул аппаратка түшкөндөн бери көңүлүм көтөрүлүп, жүрөгүмө тамак бара баштады. Кудайга шүгүр - ушул ахыбалга келгениме.

Ал эми Германиянын жаңы үлгүдөгү аппаратын Москвадан өздөштүрүп келип, азыр иштетип жаткан инженер Валерий Костюкеевич ушундай акылдуу техника чыкканына дале ишенип-ишенбей кетет:

- Москвада болгонумда 10 күн бою тең зор кубанычта болуп жүрдүм ушул техниканы көрүп. Мен өзүм техниканын адамымын. Өмүр бою техника менен иштеп келгем. Ушул аппаратка өзгөчө сүйүүм жанды. Дүйнөлүк деңгээлдеги таң калаарлык аппарат.

XS
SM
MD
LG