Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Кырсыкка учураган тик учактан эки адам каза болду


БИШКЕК. Нарын облусунун Атбашы районунда тоо арасында кар көчкүгө камалган аңчыларды куткаруу үчүн барып, дайынсыз жоголгон тик учак табылды. Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маалыматына караганда, аңчыларды куткарып келаткан тик учак аба ырайынын кескин бузулушуна байланыштуу тоо арасына аргасыз конууга мажбур болгон. Бирок бир учкуч жана жергиликтүү бир тургун каза болуп, 7 адам оор жаракат алган. Калгандары да ар түрдүү деңгээлде жараат алышкан. «Тоо арасына тик учак менен барууга мүмкүн болбогондуктан, коргоо, экология жана күтүүсүз кырдаалдар министлигинин куткаруучулары жөө-жалаңдап жаракат алган атуулдарды чоң жолго алып чыгышууда» деп кошумчалады Аскар Салымбеков. Атбашы районундагы "Музтөр" чегара пунктунан 20 чакырым алыстагы тоо арасында кар көчкүгө камалышкан 22 аңчыны куткаруу максатында барган тик учак менен байланыш кечээ саат эки жарымда үзүлгөн. Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тоо арасында камалган аңчылардын арасында АКШнын эки, канадалык бир, кыргызстандык он тогуз атуулу болгон.

XS
SM
MD
LG