Кыргыз президенти жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо багытында кеңири пикир алмашуу болгондугун жана мындай пикир алмашуу Кыргызстан менен Биримдиктин ортосундагы байланыштын чыңдалышына өбөлгө түзөөрүн билдирди. Ага мисал катары мамлекет башчы Кристофер Паттендин иш сапары учурунда Кыргызстанда Биримдиктин өкүлчүлүгүнүн ачылышын белгиледи.
Андан аркы сөзүндө Аскар Акаев үстүбүздөгү жылы Евробиримдикке дагы он өлкө мүчө болуп кире тургандыгын айтып, Кыргызстан Евробиримдиктин кеңейишин кубаттай тургандыгын маалымдады:
- Биз Европа биримдигинин кеңейишин чын ыкыласыбыздан колдойбуз. Белгилей кетүүчү нерсе, Европа биримдигин кеңейтүү демилгеси менин өзүмдү абдан кубандырат. Менин оюмча кеңейтилген Европа биримдиги демократиянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүчү дүйнөдөгү бирден бир борбор болот.
Ал эми Кристофер Паттен Европа биримдиги Кыргызстанда демократия, адам укугу, сөз эркиндигинин сакталышына жана бул өлкө менен эларалык терроризм менен күрөшүүдө өнөктөш болуп калууга кызыкдар экендигин билдирди.
Еробиримдиктин өкүлү мамлекет башчысына чейин өлкөдөгү саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда ал Аскар Акаев менен келээрки президенттик шайлоо жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча пикир алмашуу болоорун, Кыргызстандын башмыйзамына ылайык Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катыша албай тургандыгын мамлекет башчысына ачык айта тургандыгын маалымдаган. Кристофер Паттен шаршемби күнү журналистер менен жолугушуу учурунда келээрки президенттик шайлоо тууралуу мындайча өз оюн билдирди:
-Менин түшүнүгүмө караганда, мамлекет башчы буга чейин эле келээрки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Муну менен Кыргызстан аймакка демократиялык өнүгүүнүн жана жетекчиликтин алмашуусунун үлгүсүн көрсөтө алаарына ишенем.
Президенттин маалымат кызматы журналистердин суроо беришине мүмкүнчүлүк бербегендиктен ушул жана башка суроолорго мамлекет башчысынан жана Евробиримдиктин өкүлүнөн жооп алууга мүмкүн болгон жок.
Байкоочулардын пикиринде, соңку мезгилдерде АКШ жана айрым батыш өлкөлөрүнүн ырасмий бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын башмыйзамына ылайык 2005-жылы бул өлкөдө бийлик алмашышы тууралуу ачык эле айта башташты. Кристофер Паттенге чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушуу учурунда жана «Азаттык» радиосуна берген маегинде «Аскар Акаевдин кийинки шайлоого катышпайм деп айтканын колдойм. Эгерде Аскар Акаев кийинки шайлоого катышпаса, анын Кыргызстандагы демократияга кошкон чоң салымы болот эле» деген пикирин билдирген. Ушундай эле пикирин АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Азия боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс өткөн жылы Кыргызстанга келген учурда айткан. Чындыгында эле АКШ жана Батыш өлкөлөрү 2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашышына кызыкдарбы деген суроого жакында АКШга барып келген саясатчы Өмүрбек Текебаев мындай дейт:
- Кыргызстанда шайлоо жолу менен бийлик алмашса Борбор Азия аймагында биринчи жолу өлкө жетекчиси алмашкан факт болот. Бул өз мезгилинде жалпы чөлкөмгө таасир тийгизээрине шек жок. Ошондуктан эларалык уюмдар жана демократиялык өлкөлөр Кыргызстанда боло турган шайлоолорго чоң маани беришүүдө.