Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Вашингтон Пакистанды “ишенимдүү өнөктөшү” деп санайт


Америка Кошмо Штаттары Пакистанды “НАТОго мүчө эмес эң чоң союздаш” деп таанымак болууда. Мындай билдирүүнү мамлекеттик катчы Колин Пауэлл бүгүн Исламабадга пакистандык коллегасы Куршид Мехмуд Казури менен кездешкенден кийин шардана кылды:

- Бүгүн эртең менен тышкы иштер министри Казуриге айттым: Биз- келечекки өз ара аскерий кызматташуу алкагында - Пакистанды НАТОго мүчө эмес эң чоң союздаш кылуу ниетибизди өлкө конгрессине да билдиребиз.

Мындай статус Пакистанга Американын мыкты деп эсептелген куралдарын жана аскерий техникаларын алуусун жеңилдетет.
Пакистандын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасынан кооптонгон Вашингтон өлкөгө алдыңкы аскерий технологияны дээрлик берчү эмес.

XS
SM
MD
LG