Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

ДАГЫ ТӨРТ ЖЫЛ ПУТИНДИН КАРАМАГЫНДА. КОМПАРТИЯ ЗЮГАНОВДОН АЙРЫЛГАНЫ ТУРАТ. АБАШИДЗЕНИ КОРГООБУ ЖЕ ӨЗ КӨМӨЧҮНӨ КҮЛ ТАРТУУБУ?..


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык басма сөздө 14-мартта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу байма-бай талкуу жүрүүдө. Тышкы саясатта - Грузиядагы кырдаалга арнап жазылган макалалар арбын. Ички саясатта - президентти шайлоо өткөндөн соң пратиялардын кайра түзүлүшү кеп болууда.

“Дагы бир (төрт жылдык) мөөнөттүн башкы коркунучу – “жаңы Андроповдо” деген рубрика астында макалалар тобун “Известия” жекшемби күнү басты. Макалада добуш берүүчүлөрдүн 48 миллион ташы менен колдоого алынып, дагы бир мөөнөткө шайланган президенттин алдыдагы 4 жыл ичинде өлкөнү кайсы жолго салаары туурасында ой жорутуулар болгон. Дегиңкиси, маалымат каражаттары жаңы жетекчиден жакшылык күтө тургандыгын белгилешип, аны аны жылуу куттукташкан.

14-мартта жарык көргөн “Известияга” кайра келсек, анда Светлана Бабаева менен Георгий Бовт: “Эми демократия толук бойдон башкарылуучу болду. Мындан ары үстүдөн карап туруп реформа жүргүзүү аракети күч алат”, - деп жазышты. Азыркы тушта жашыруун кызматтагылар менен күч органдарынын отставкага чыккан офицерлеринин саясатка тартылышы, болгондо да жогорку эшелондогу бийликке жетекчи болуп дайындалышы, кайсы бир социологиялык изилдөөчүлөрдүн оюнча, Путиндин тушунда 50 пайызга өскөнү белгиленген. Салыштыруу ирээтинде советтик кезди алып, ал кезде саясатка аралашкан КГБчылар болгону 5 пайызды түзгөндүгү белгиленген. Путиндин демилгесине ылайык, жер-жерлердеги бийликтерде иштеп аткандардын 70 пайыздайы мурда атайын кызматта жүргөндөрдөн куралганы тууралуу жоромол да макалада айтылган.

Ушул жерден шайлоо аяктаган соң Ирина Хакамада жасаган кайрылууну эскере кетели.

- Болгону беш пайыз шайлоочулардын мени колдошу – Яблоко менен СПС партияларын бөлөк–бөлөк алгандан да көп. Мунун өзү ишти мындан ары улантуу мүмкүн экендигинен кабар берет.

Бул билдирүүнү да орусиялык басма сөз илгиртпей жарыялады. Дагы бир катуу кепке алынган тема - президенттик шайлоодон соң партиялардын ич ара жиктелүүсү тууралуу пикирлер. “Известия.Ру” интернет басылмасы шаршембиде жарык көргөн санында компартия өз жетекчиси Зюгановду чана баштаганы туурасында жазып чыкты. Марага экинчи болуп келген Николай Харитоновдун жыйнаган ташы мурда Геннадий Зюганов катышкан шайлоолордогу таштан кем эмес болгон. Ошол себептүү КПРФ ич ара жиктеле баштады делет басылманын серебинде. Басылманын автору Александр Садчиков: “Коммунисттердин бөлүнүп-жарылышы сол канаттагылардын кайрадан биригип, бирдиктүү жана ири саясий-патриоттук уюмду жаратууга алып келет”, - деп жазат.

Оңчулдардын ичинен ат салышка катышкан Ирина Хакамаданы Маскөө менен Санкт-Петербург катуу колдогон. Бул калааларда ал чогулткан добуш саны Путинден кийинки экинчи орунга чыккан. Эмнеси болсо да, орус басылмаларынын жазышынча, Хакамада эми “Эркин Орусия” (“Свободная Россия”) партиясын түзгөнү камына баштады.

Дагы бир кеңири кеп - Грузия менен Ажариянын ортосундагы соңку саясий тирешүүгө арналууда. Айрым басылмалардын оюнча, Маскөө арага түшүмүш болуп, өз кызыкчылыгынын камын да жеп жатат. “Время новостей” гезити 17-мартта “Мэр – бейпилдикчил болуп кетти” деген макалада, ал эми “Аргументы и факты” болсо - шаршембиде “Абашидзени коргоо” деген макалада дал ушундай маанайда жазып чыгышты. Маселен, “Орусиянын кызыкчылыгы - Батумидеги аскердик базаны коргоп калууда”, - деп жазышат Алекс Колесниченко менен Борис Солдатенко.
XS
SM
MD
LG