Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

АТБАШЫ ТООЛОРУНДАГЫ КЫРСЫК, АКСЫ АЛААМАТЫНЫН 2 ЖЫЛДЫГЫ, КЫРГЫЗСТАН-ПОЛЬША ДОСТУГУ


Мындан эки жыл илгери милиция огунан курман болгон аксылык жигиттерди эскерүү жыйындары өттү. Жыйын катышуучулары күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин айтышты. Кайберендер кыйгас төлдөй баштаган ала баар көктөмдө ууга чыгып, Атбашы тоолорунда карга камалган аңчыларды кантип куткарышканы тууралуу материалдар кыргыз басылмаларында арбын жарыяланды. Президент А.Акаевдин Польшага жасаган ырасмий сапары ийгиликтүү аяктаганы, анын жыйынтыктары маалымдалууда.

Мындан эки жыл мурун Аксыда курман болгондорду эскерүү жыйыны бийлик ээлеринин тыюу салганына, көнөктөп жааган жамгырга карабай Бишкектин Максим Горький аянтында өттү, деп маалымдайт бейшембидеги “МСН” гезитинде Елена Скородумова.

Басылмада аңчылыкка барып Атбашы тоолорунда кырсыкка кабылган мергенчилерди куткаруу иши кандай жүргөнүн баяндаган Александр Ким менен Юрий Груздовдун макаласы жарыяланган. Авторлордун жазганына ынансак, кырсыкка кабылгандарды куткарууга келген учактарда эң жөнөкөй эрежелер сакталбайт. Бул ирет да Атбашы тоолорунда камалган жыйырмадан ашуун аңчыларды МИ-8 тикучагына салып алышкан. Тик учак болгону 14 – 15 киши салып учууга ылайыкталган. Анан да кайберендер төлдөп атканда аңчылыкка уруксат берилбеши керек эле, деп жазат авторлор. Кыргызстанда тикучактардын кырсыкка учурашынан олуттуу сабак алыша элек.

Аксы алааматында тартип коргоо кызматкерлери кармалган адамдарды кантип кыйнагандыгы, алар жөнжай адамдардын жүрөк үшүн алуу үчүн киши чыдагыс ыкмаларды колдонуп уруп-сабашкандыктарын “Лица” гезитинде Бермет Букашева баяндаган. Автордун айтымында, 1986-жылы Казакстанда, 2002-жылы Кыргызстанда өткөн окуялар өтө окшош. Баш көтөрүп чыккандарды айоосуз жазалагандар кимдер, аларды жергиликтүү калк тааныбайт экен. Атайын кызматтын даярдалган адамдарыбы деген суроо койот автор.

Бишкек-Ош автожолу кар көчкүлөрдөн улам толук жабылган. Бейшембидеги “Вечерний Бишкек” жол тосмодо чогулган айдоочулардын чыдамы түгөнүп баратканын жазып чыкты.

Президент А.Акаевдин Польшага ырасмий сапары ийгиликтүү өткөнүн бейшембидеги “Слово Кыргызстана” маалымдады. Ушул эле басылманын кабарлашынча, кыргыз окумуштуулары койдун жаңы породасын табуу аракетин жасашууда.

Жума күнкү “Аалам” гезитинде Нооруз майрамына, кыргыз тил көйгөйүнө арналган материалдар арбын жарыяланаарын басылманын башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып берди:

- Кыргыз тарыхында кара тамга менен калган 2002-жылкы Аксы окуясына карата үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары Исмаил Исаков, Алымбай Султанов, Азимбек Бекназаровдор жетектеген комитеттер тарабынан болуп өткөн парламенттик угуунун чечимдери, ошондой эле 21-март улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата Алыкул үй борборунун директору Памирбек Казыбавдин “Тиссадагы кеч” деген макаласы жарыяланууда. Гезитибизде Нооруз майрамына арналган материалдар арбын.

“Кыргыз руху” гезитинде басууга даярдалып жаткан материалдар тууралуу кабарчы Уулкан Токторалиева маалымдайт:

- Гезитибиздин бул санында Аскар Айтматовдун айланасындагы ызы-чуу жөнүндө макала жарык көрүүдө. Кочкордон Бишкекти көздөй чыккан К.Бейшеналиеванын Токмокко келгенде позициясын эмнеге өзгөртүп ийгендиги тууралуу макалабыз бар. “Сууну агызбай койобу?” деген макалада Токтогул ГЭСиндеги абал тууралуу кеп болот. Кыргыз эл жазуучусу Олжобай Орозбаевдин бүгүнкү күндөгү көйгөйү тууралуу “Калемгер, кандай абалың?” деген макаланы окуй аласыздар.

“Бишкек таймс” гезитинде кандай материалдар жарыяланаарын басылманын жооптуу катчысы Базарбай Гапаровдон уксак:

- Бизде жакында болуп өткөн кырсык, мергенчилерди куткарганы барган өзгөчө кырдаалдардын тикучагынын кулашы, анын себептерин баяндаган макала биздин гезитке жарыяланууда. “Ч.Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде” деген макалалар сериясынан “Жамийла” повести жарыкка чыккандан кийинки адабий талкуу тууралуу макала басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG