Парламент депутаты Ишенбай Кадырбеков “Кыргызалтын” мамлекеттик концерн жетекчисине кайтарган жообу апта соңундагы “Республика” гезитинде жарыяланды. Автордун айтымында, Кыргызстандын эң ири алтын кенинен чоң пайда таба албай калышы үч себепке байланыштуу түшүндүрүлүп келатат. Алар - алтындын дүйнөлүк баасынын арзандап кетиши, канадалык компанияга оголе көп салык жеңилдиктерин берип коюу, акчанын кунунун качышы, кен курулуштун кымбатка турушу.
И.Кадырбековдун ырасташынча, ар кандай салык жеңилдиктери мыйзамдык негизге таянып, парламенттин жактыруусуна ээ болушу керек. Азырынча андай иш жасала элек. “Кыргызалтын” таза кирешеден түшкөн пайда катары 6 миллионго жакын доллар, менеджментке деп 4 миллионго жакын доллар акча тапкан. “Бул акчалар кайда, эмнеге жумшалды? Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө алар кошулган жок”, деп жазат И.Кадырбеков.
Кыргызстандагы келерки президенттик шайлоого реалдуу эки талапкер чыгаарын, анын бири сөзсүз аял болорун “Агым” гезитинде Иманкадыр Рысалиев жазды. Автордун ырасташынча, Кыргызстандын азыркы бийлигинин калк алдында кадыры анчалык бийик эмес. Эл турмушу оңолуп кеткен жок. Ошондон ортодо от чыгып кетпеси үчүн бийлик келээрки шайлоону ачык-айкын, калыс өткөрүүсү керек. Антпесе республиканы чоң коркунуч капташы ыктымал.
Гезитте Замирбек Божоновдун “Көп эле Куловду баатырга айланта бербегиле, ал периште эмес!”, Фарида Турсунбекованын “Ф.Куловго асылып, Акүйдүн чырагына май тамызып аткан жоксуңбу?” деген кайым айтышы жарыяланган.
Журналист Эркин Пиримовдун “Аз күндө кийиктин корголуна да зар болуп калабызбы?” деген макаласында алашалбырт жазда аңчылыкка уруксат берилиши, кайберендин убалы тууралуу кеп кылат.
Президент А.Акаевдин Польшага ырасмий сапары байсалдуу болгонун жума күнкү “Кыргыз туусу” , “Эркин тоо”, “В конце недели”, “Вечерний Бишкек” гезиттери кабарлашты.
“Кыргыз туусу” гезитинде жарыяланган академик Мурзабек Иманалиев “Чоң өмүрдөн бир элес” деген макаласында таланттуу илимпоз Өскөнбай Тукешовдун адамгерчилиги тууралуу кеп козгойт.
Кыргыз чиновниктеринин айлык маянасы аз болгону менен минген машиналары көз жоосун алаарын “Вечерний Бишкек” гезити жазды.
“Заман Кыргызстан” гезити апта соңундагы санында түркиялык “Йимпаш” компаниясы Бишкекте токтоп калган курулушун уланта баштагандыгын маалымдады. Компания быйыл төрт кабат гипермаркет - чоң дүкөн курулушун бүткөрүүнү көздөөдө.
Гезитте Нооруз майрамынын урматына жасалчу жөрөлгөлөр тууралуу маалыматтарга орун берилген. Айтымда, жаңы жыл тосуу Персиядан башталган, бара-бара ал коңшулаш өлкөлөргө жайылган.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстан менен АКШ ортосундагы байланыш-катыштарга токтолгон. Элчинин айтымында, АКШ Кыргызстанда парламенттик, президенттик шайлоонун адилет жана ачык өтүшүнө кызыкдар. “Манас” абамайданында жайгашкан эларалык антитеррордук коалиция күчтөрүнүн абабазасы жалаң эле Ооганстан эмес, Борбор Азия коопсуздугун сактоого салым кошууда. Аба базасы Ооганстандагы күрөш бүткөнгө чейин турат. “Бул дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок, бардыгы убактылуу”, дейт Стивен Янг.
Кыргызча сөзгө орусчаны кошуп сүйлөө көнүмүшкө айланганын, ошол эле учурда эне тилдин ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, лексиканы байытуу аракетин айрым тилчи окумуштуулар жерип жатышканына профессор Абдыкерим Жолдошбеков “Жазма маданият тил эмес” деген макаласында токтолгон. Автордун пикиринде, кыргыз тилчи окумуштуулары жаңы сөздөргө каршы чыгуунун ордуна стилистикага көңүл буруп, түшүндүрмө жана башка сөздүктөрдү түзүшсө жакшы болор эле.