Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

РАМИС РЫСКУЛОВ: "АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮН ӨЗГӨРҮШҮ СЫЯКТУУ ЭЛЕ ААЛАМДА ДА ӨЗГӨРҮҮЛӨР БАР"


Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов, «таланттууну таланттуу колдобосо, талантсыздар колдобойт» деген пикирде. Белгилүү акындын ыр жыйнактары 16 жылдан бери китеп болуп чыга элек. Бирок «кылымдар менен жарышуучу ырларды жазып койдум» дейт.

Айтылуу акын Рамис Рыскулов адатынча ак кагазга түшүргөн ааламдын сыры тартылган сүрөттөрүн, ырларынын кол жазмаларын колтугуна кысып, капыл-тапыл жолугуп калды. Көнүлү сергек. Бубактай буурул тармал чачын тегиздетип, көзүнөн кубанычтын учкуну жанып, жаз айынын таасириби - көөдөнүнө батпаган ыр саптарын айтып түгөтө алчудай эмес.

-Жүрүп кеттик зымырап.
Жүз жылдарды карытып.
Күүдөн тайбас чаалыкпас,
Күлүктөрдү арытып.
Кызыл нурга жуунсак,
Кыз өңүндөй кубулсак.
Жашыл нурга жуунсак,
Жалт деп кайра туулсак.

Акын ырларын окуп жатканда анын ырына кулак төшөгөнсүп теребел да мемирейт. Жан-дүйнөсүн жалгыз гана поэзияга тартуу кылган Рамис ага кийинки мезгилдерде «Манас» эпосу тууралуу орус тилинде жаңы жазган поэмасынан үзүндүлөрдү айтып жатты. Маегибиз күнүмдүк жашоо-турмушка байланыштуу маселелерге бурулганда акынга суроо узаттым.

-Рамис ага, ал-акыбалыңыз кандай? Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз? Сизди, сиз жазган ырларыңызды журт сагынды.

- Давид Кугультиновдун китебинде: «Ал инсан гений болуп калышы үчүн, жараткан аны акыл эстен ажыратпасын» деген саптар бар. Анын сыңарындай мен отуз жыл оору менен алпурушуп жүрдүм. Психиатрлар мени айыктырышты. Төрт-беш жылдан бери жүгүм жеңилдеп калды, Журөгүм тандыр болуп күйүп турчу. Ошол учурда орус тилинде жазган ырларымды орустар көрө албай, басмаканалар көтөрө албай, 15-16 жылдан бери китебим жарыкка чыкпай келет.

Чыгарсын деп айтканга чоңдордун бири жарабай жатат. Жарабаса мейли. Эгерде мен акын катарында ийгиликке жетсем ага, кылымдардын арышы керек, кылымдардын жарышы керек. Ошол кылымдар менен кошо жарышуучу ырларды жазып койгом. Анан «генийлер баркталбай белгисиз кетет» деп англичандар айткандай, мен атак-даңка, байлыкка кызыкканым жок.

- Рамис ага, коомдогу өзгөрүүлөр тууралуу да пикириңизди айта кетсеңиз?

- Айлана-чөйрөдө өзгөрүштөр тынбай болуп атканынын бир себеби азыркы прогресс катуу тепм алды. Азыркы заманда көп кыргыздар аттан түштү. Ордуна жеңил автоунааларды минген кыргыздар көбөйдү, авиаучактарга түшкөн кыргыздар да көбөйдү. Алысты жакын кылган учактардын түрлөрүнө жараша акимдердин чет өлкөгө каттап, дүнүйө кыдырышы да оңой болуп калды. Айтматов, Акаев, Майрам Акаева бүткүл дүйнөнү кыдырып келип атышат. Албетте айлана «планетарно, эпохиально, масштабно чует свою эпоху».

- Ал эми акын мамлекет тууралуу кандай ойдо болду экен?/i,>

- Сократ: «мамлекет дайыма идеальный болуп бербейт» деген экен. Мисалы, өмүрүнүн жарымына чейин гуманист болуп, өмүрүнүн жарымынан кийин фашист болгон өлкө башчылары көп болуп атат. Мамлекет да ушундай, аябай гүлдөп турган учурунда кыйрап, улам өзгөрүп турат экен. Өз доорунда атактуу инсан же генийи чыкканда ошого жараша замана болот экен.

- Рамис ага, "азыр элдин пейили бузулду" деген пикирлер көп айтылчу болду, буга сиздин пикир кандай?

- Баары эле бай болобуз деп, байлыкка кызыккандар көп болуп кетти. Байларга көз артуу дайыма болуп келген. Элдин пейили идеалдуу болуп кетиши мүмкүн эмес. Бирок «жамгыр ала, жер чолоо» дегендей элдин пейили таптакыр бузулду дегенге мен ишенбейм.

- Сиздин калемиңизден жаралган ыр саптары өзүнчө жыйнак болуп чыкпай, кол жазмаларыңыз саргайып баратканына кейибейсизби?

- Генийди гений колдобосо, таланттуну таланттуу колдобосо, талантсыздар колдобойт экен. Китептердин чыкпай калганына мен кейибейм. Азыр компьютердик техниканын заманында он, он беш үлгүдөгү ыр жыйнактарымды чыгарып алууга кудуретим жетет. Ошон үчүн мен өзүмдү бактылуу замандын бактылуу инсанымын деп эсептейм. Мен азыр сентябрда өтүүчү 70 жылдык мааракеме даярдык көрүп атам.

Эл акыны Рамис Рыскулов ырларындагы кир кошпогон таза суудай, мага берген жооптору да шар болду. Сыртта жаздын мелүүн жели. Ак кагазга тарткан сүрөтүн, ыр саптары чиймеленген кол жазмасын колтугуна кысып алып, Рамис ага сезиминдеги ыр байлыгын күңгүрөнүп, кылым арыштачу ырларына куштар болуп кетип баратты.
XS
SM
MD
LG