Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

«НООРУЗ» МАЙРАМЫНДАГЫ ЭЛДИК ОЮНДАР


Кабыл Макеш, Бишкек. Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлɵрү жана ат оюндары боюнча мелдештер ɵткɵрүлдү. Ордо, кыз куумай, оодарыш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салдыруу жана кɵкбɵрү оюндарын кɵрүүгɵ чет элдик меймандар, миңдеген жергиликтүү күйɵрмандар келишти.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланды. Албетте, бир мезгилде бул майрамды динге байланыштырып, тыюу салган учур да болгон. Нооруздун майрамдык шаңын арттырып, салтанаттын маанисин жогорулаткан элдик оюндар боюнча ɵткɵрүлгɵн мелдештер болуп баратат. Бул жолу да Бишкектеги «Аккула» ат майданына демейдегидей эле күйөрмандар арбын келишти.

“Нооруз” спорттук майрамын уюштурууну Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитети ɵз мойнуна алып, аны уюштуруу үчүн 350 миң сом бөлгөн. Ал эми салтанаттын көркү – көкбөрү оюну 20 – март күнү башталып , мыктыларды иргеп алуу таймаштары ɵткɵрүлдү.

Алгач Бишкектин «Бөрүлүү» командасы Нарындын атактуу «Дордой» командасын биринчи таймда 4:0 эсебинде ута баштаганда, кɵкбɵрүгɵ жаңы толкун кошулганы байкалды. «Дордойдун» жигиттери акыркы таймда намыстанып, 7:5 эсебинде «Бɵрүлүүнү» жеңип алды.

Карабалтанын «Талкан» командасы менен Сокулуктун атактуу «Рассвет» командасы беттешип, мында сокулуктуктар 17: 2 ири эсеби менен утуп чыкты.

Байгелүү үчүнчү орун үчүн «Бɵрүлүү» менен «Талкан» командаларынын жигиттери күч сынашып, оюн 14: 2 эсебинде «Бɵрүлүүнүн» пайдасына чечилди.

21-март Нооруз майрамы күнү кɵкбɵрүнүн финалдык таймашуусунда кɵптɵн бери теңтайлашып, атаандаш болуп келаткан Нарындын «Дордой» жана Сокулуктун «Рассвет» командалары кызыктуу оюн кɵрсɵтүштү. Нооруз майрамына арналган көкбөрү мелешинин баш байгеси үчүн таймашуу курч мүнөздө өттү. Алгачкы бөлүмдө эсеп ачылбады. Экинчи жана үчүнчү таймда гана « Дордойдун» жигиттери артыкчылык кылып, эсепти Кубаныч Изабеков менен Мукамбет Койчукеев ачып, тайказанга улак таштады. Нурлан Барпиев, Эрмек Шекитов жана Эмил Бөкөшевдин чебердиги көрүнүп, «Дордойдун» командасы «Рассвет» командасын 5:0 эсеби менен утуп, баш байге, акчалай сыйлыкты аларга премьер-министр Николай Танаев тапшырды..

Нооруздагы элдик оюндар тууралуу өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын вице–президенти Темир Дүйшөкеевге кайрылганыбызда, ал көкбөрүчүлөрдүн жаңы сезондогу пландары менен тааныштырды

- Кыргызстан Көкбөрү Федерациясы да бул майрамга өзүнүн салымын кошту. Биз жыл сайын “Нооруз” майрамына карата өзүбүздүн турнирибизди өткөрүп келебиз. “Нооруз” турнири биздин негизги турнирлерибиздин бири жана жаңы сезондун ачылышы болуп эсептелет. Быйылкы Ноорузга арналган турнирде Чүй областынын атактуу “Рассвет” (Сокулук), келечеги кең “Талкан” ( Кара – Балта), 2003 – жылы Чүй – Бишкектин чемпиону “Бөрүлү” (Бишкек) жана учурдагы эң “жылдыздуу” – “Дордой” (Нарын) командалары кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Нооруз күнү – финалдык таймашууга «Дордой» командасы менен «Рассвет» командасы чыгып, биринчи топ 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Андыктан, Нооруз майрамындагы жалпы улуттук, ат оюндарынын көркү - ошол көкбөрүчүлөрдүн финалдык оюну болду деп ойлойм. Айтмакчы, Кыргызстан курама командасы 19–20–март күндөрү Өзбекстанда өтүүчү Эл аралык турнирге даярданып, 17–март күнү ал жакка аттанганы жатканбыз. Бишкекте да башка командалардын катышуусу менен Нооруз турнири өтө бермек. Бирок, Өзбекстандан бизге турнир өтпөй калгандыгы тууралуу атайын билдирүү – факс келди. Демек, күйөрмандар биздин күчтүү оюнчуларыбыз – Эмил Бөкөшев менен Эмил Бекбердиновдун, Мукамбет Койчукеев менен Эрмек Шекитовдун, Кубанычбек Изабаев менен Нурлан Барпиевдин, Айбек Солтобаевдин, бир тууган Бөкөнбаевдердин чеберчилигине Бишкекте өткөн майрамда күбө боло алышты.


Нооруз майрамын жогорку деңгээлге көтөрүү зарылдыгы тууралуу өлкөнүн ат спорту федерациясынын мүчөсү Кемел Ашыралиев кɵкүрɵгүн ɵйүп жүргɵн ойлорун ортого салды:

- «Олимпиаданын жеңүүчүлөрү” болгондой эле, келечекте спорт, көркөм өнөр тармактары боюнча да кароо фестивалдар уюштурулуп, “Нооруздун татыктуу адамы” деген ардактуу наамды жеңүүчүлөргө ыйгаруу зарыл. Лауреаттар менен чемпиондор ушул күнү эл алдында даңкталышы керек. Себеби, спорттун олимпиадалык түрлɵрү боюнча ар жыл сайын жылдын 10 мыкты спортчулары аныкталып жүрɵт. Ал эми улуттук оюндардан бирɵө киргени менен, башка түрлɵрү унутулуп калууда. Ошондуктан Нооруз майрамында жылдын мыкты саяпкерин, жылдын мыкты балбанын, мыкты ордочуну, тогуз коргоолчуну, мүнүшкɵрдү, чабандесин жана мыкты кɵкбɵрүчүнү аныктап, аларга ушул күнү улуттук баатырлардай урмат-сый кɵрсɵтүлсɵ, элдик оюндарга кызыгуу күч алат эле.
Сокулуктун «Рассвет» командасынын машыктыруучусу , ɵлкɵгɵ эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бɵкɵмбаев мындай дейт.

-Көк бөрүчүлөр үчүн дагы бир чоң проблемалар пайда болуп турат. Илгертен эле эр жигитти мыкты кылган алдындагы минген аты болуп келген. Кыргыздын көк бөрүсүнө жараган мыкты аттарын казактар, өзбектер жана тажиктер менен оогандыктар да баасына карабай сатып кетүүдө. Бул бир чети жакшы көрүнүш болгону менен кыргызга да намыс керек болуп турат. Ат проблемасы курч маселеге айланып баратат .

Нооруз майрамына арналган мелдештердин жыйынтыгы жөнүндө айтсак: Ордо оюнунда Бишкектин Октябрь районунун ордочулары жеңишке жетишти.

8 чакырым 800 метрге кунан чабышта Чүйдөгү Кочкорбаев атындагы чарбанын саяпкер Дунлас Миншало таптаган «Спартак» аттуу күлүгү марага озуп келди.

Жорго салдырууда 11 чакырым аралыкта Ысыккөлдүн № 54-жылкы чарбасынын «Патрон» аттуу жоргосу алдыга эч бир атаандашын чыгарган жок.

Аламан байгеге 32 күлүк кошулуп, 17 миң 600 мерт аралыкка чабылды. Натыйжада атбашылык саяпкер Керим Өмүралиев таптаган №21 « Гюрза» аттуу жээрде күлүк баш байгеге коюлган «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил машинаны ээсине утуп берди. Күлүктүн ээси Майрамбек Айдаралиев:

- Күлүгүм ар дайым биринчи келип жүрөт. Саяпкери Керим Өмүралиев. Асыл тукум таза кандуу англия күлүгү. Кубанып турам. Кыргыздын атын дагы эл аралык мелдештерде чыгарса деп тилек кылып жүрөм.

Куттуу нооруз күнү Бишкектеги « Аккула» атмайданына эл батпай, бир кумардан чыгып, эрендерди сүрөөнгө алып, ыр- күү жаңырап, майрамдык маанай өкүм сүрүп турду.
XS
SM
MD
LG