Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗДАР НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КОШО КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНУН УЮМУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮН БЕЛГИЛЕШТИ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Быйыл Орусиянын баш калаасы Москвада жашаган кыргызстандыктар Нооруз майрамын өзгөчө белгилешти. Анткени жаз майрамынын алдында Москвада бир канча жылдардан соң кайрадан кыргызстандыктардын диаспорасынын өзүнчө уюму түзүлүп, кечээ (ишембиде) алгачкы кечесин өткөрдү.

Бул жыл Москвадагы кыргызстандыктар үчүн, чындап эле, жылуу жана жагымдуу окуялар менен башталды десем болот. Анткени эки жылдан бери уланып келаткан Москвадагы кыргыз коомчулугунун уюмун түзүү жараяны өзүнүн алгачкы жемишин бере баштады. Болгондо да бул окуя Нооруз майрамына туш келип, Жаңы жылда жаңы иштин башталаарынан кабар бергенсиди.

Баштап эле, залга чогулгандарга боорсок таркатылып, коноктор сүмөлөктөн даам татышты. Иш-чара белгиленген убактысынан бир жарым сааттай кечиктирилип башталганы менен, имаратка топтолуп жаткандардын саны суюлган жок. Айрымдар кечигүү менен байланыштуу бул көрүнүшкө карата жөн гана жылмайышып, «кыргызчылык да» деп коюшат. Бул чынында эле кызыктуу көрүндү.

Концерттик программа сахнага Теңир ата менен Умай эненин чыгышы менен башталды. Алар алгачкы жолу Москвадагы кыргызстандыктардын башын бириктирип олтурган «Кыргыз биримдиги» уюмунун ийгиликтүү ишине жана жамы журттун тынчылыгына арнап батасын беришти.

Андан ары кечеге келишкен коноктор биринин артынан бири сахнага чыгышып, мында топтолгон элди Жаз майрамы менен куттуктап жатышты. Алардын ичинде учурда Москвадагы кыргызстандык аксакалдар жыйынын жетектеп турган Апас Жумагуловдун сөзү залда топтолгондор тарабынан өзгөчө колдоо тапкандай туюлду.

А.Жумагулов:

- Өсүп келаткан жаш муун – балдарыбыз, ушул жерде олтургандар- олтурбагандар эне тилин унутпаса экен деп уюшулуп олтурабыз. Ниети жакшы бул жигиттердин (уюштуруучулардын) бул ак ниет, жигердүү аракеттери мындан аркы эмгек менен түптөлүшү, бекемделиши керек. Биргеликте аракет болсо, «бул менин ишим эмес» деп четте туруп калбасак. Арабызда жамандыкка учурап калгандар болсо, ошонун жанынан өтүп, карабай койбосок. Кыргыз элинен болобуз, касиеттүү кыргыз жеринен келгенбиз – намысыбыз болуш керек.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин атынан сүйлөгөн консул Аскарбек Бешимов Москвадыгы кыргызстандыктар жалпы эле чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын ичинде санынын көптүгү боюнча биринчи орунда тураарын, Москва облусунда ай сайын 30га жакын кыргызстандык бөбөк төрөлүп, 15тей жаңы үй бүлө түзүлөөрү айтты:

- Мына ушул Москвадагы кыргызстандыктардын ичинде өз ишмердүүлүгүн баштап, ийгиликтүү улантып жаткандар, ошол эле мезгилде, күн сайын укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү калктын терс мамилесине туш болуп жаткандар да бар. Кыргыз элчилигине ай сайын түрдүү суроолор менен миңден ашуун адам кайрылып турат. Алардын проблемаларын чечүүгө дайыма жардам беребиз. Өзгөчө Кыргызстандан Москвага жумуш издеп, түрдүү проблемаларга кабылып жатышкан эмгек мигранттарына жардам берүүгө аракет кылабыз.

Кечеде кыргызстандык мигранттардын проблемалары бир канча ирет көтөрүлдү. Бул суроо боюнча жаңы түзүлгөн «Кыргыз биримдиги» уюмунун төрагасы Эгемберди Мырзабеков төмөнкүчө ою менен бөлүшөт:

- Биздин уюмда миграция маселелери боюнча өзүнчө топ иштейт. Миграция проблемасы менен алектенишкен адистерибиз өз тармагын терең билишкен жигиттер. Учурда Орусиянын миграция маселеси боюнча түрдүү уюмдар жана квота бөлүүчү тараптар менен тыгыз байланыштабыз. Чынында Москвада эмгек мигранттарынын проблемалары арбын. Биздин уюм аларга акчалай же юридикалык жактан дайыма колдоо көрсөтүп келатат.

Негизи, кечеде кыргыз журтуна ысмы жакындан тааныш адамдарды көп учуратууга болду. Алардын ичинде кезинде Бишкек мэриясын жетектеп, эми Москва шаардык акимиятында эмгектенип жаткан жердешибиз Борис Силаев да сөзгө чыгып, мындан ары кыргыз диаспорасы Москва шаардык Өкмөтү тарабынан колдоого алынаарын айтты жана жаңы уюм жетекчилигине өзүнүн жеке кеңешин берди.

- «Кыргыз биримдиги» уюму чынында эле биримдикти сактаса экен дейм. Бөлүбөсөңүздөр. Анткени мен бул машакатты жакшы билем. Мисалы, Кыргызстанда орус диаспорасынын 22 уюму бар. Алардын ортосундагы кызматташтыктын тардыгы бизге көп учурда кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан сиздерге дайыма биримдикти каалайм, - деди Москва шаардык мэриясынын өкүлү Борис Силаев.

Кыргызстандан келген элдик төкмө акын Замирбек Үсөнбаев да төгүп ырдап, жыйынга топтолгондорду Нооруз майрамы менен куттуктады.
XS
SM
MD
LG