«Нооруз» - «жаңы күн», «улустун улуу күнү» майрамы тээ байыркы доордо Итил боюнан баштап, Борбордук Азия аймактарында жашаган индиарийлердин жана алардын тарыхый коңшуларынын зороастр диний ишенимин негиздеген Зардушт пайгамбарга байланыштуу келип чыккан делет. Албетте, ага чейин эле ата-бабаларыбыз күн-түн теңелген учурду куттуу күн катары белгилешкен. Асман, жерге жана отко, сууга сыйынуу каадасы кыргыздарда да сакталып калган. Бул күнү жаңы жылды тосуп жаткан адамдар «сүмөлөк», «чоң көжө» сыяктуу даамдарды жасашып, ак дилден бири-бирине бардык жакшылыктарды тилешет. Кыргызстанда улуу «Нооруз» майрамы илгертен майрамдалып келсе дагы, кийинки 13 жылдан бери өкмөт тарабынан атайын улуттук майрам катары расмий белгиленип келет.
Бишкекте Нооруз майрамынын шаңы таң эрте башталды. Борбордук Алатоо аянтында «Нооруз» майрамынын урматына чоң программадагы концерт тартууланып, улуттук спорт оюндары ойнотулду. Борбор шаардын акимияты тарабынан шаар тургундарынын жана калаага келген меймандардын көңүлдүү эс алуусу үчүн шарт түзүүгө аракеттер жасалды.
Шаардагы майрамдын өтүшү тууралуу борбордук аянтка майрамдап келишкен айрым атуулдардын пикирлерине көңүл бурсак:
- Менин атым - Ажы Мамат. Жаңы жылда жакшы ийгиликтер болсун. Элибиз тынч болсун. Падышаларыбызга ынсап берсин.
- Мен атайын Канттан келдим. Өзүм Кантта тракторист болуп иштейм. Аты-жөнүм Алым Сулайманов. Бир күн болсо да, шаарга келип, элдин маанайын көрөйүн дедим. Мына, элдин маанайы жакшы.
- Менин атым - Венера Мусаева. Шаардык мээрия концертти аябай жакшы уюштуруптур. Кишилердин маанайы көтөрүңкү. Баары жакшы болуп атат.
- Атым Хусеин. Түркмүн. Кыргыздарды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Адамдар көп. Жакшы майрам болуп жатат.
- Менин атым Уулжан. Бишкекте турам. Майрам жакшы уюштурулуптур. Кудайга шүгүр. Ушул күнүбүзгө шүгүр дейли
- Мен Дайыркул Саткынов. Нарын облусунун Акталаа районунан болом. Биз абдан ыраазы болуп атабыз. Себеби, биринчиден, күн ачылды. Биздин элибиз кыйынчылыктан тез эле чыгып кетсе, бүгүн эле эмес, ар бир күнүбүз, майрам күндөй абдан шаңдуу, көңүлдүү болсо дейм.
Бишкектеги Алатоо аянтында шаардык маданият башкармалыгы уюштурган күндүзгү маданий иш чаралардан кийин, кечкисин ушул эле аянтта өткөрүлгөн театрлаштырылган оюн-зоокко өлкө башчысы Аскар Акаев катышты.
Президент жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
- Агайын-туугандар! Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары! Кымбаттуу коноктор! Баарыңыздарды бабаларыбыздан калган касиеттүү майрам - Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, ийгиликтерди, жакшы тилектерди каалайм! Жамандыктан алыс, жакшылыкка жакын бололу! Бири-бирибизге мээрман, улуу-кичүүгө сыйлуу бололу. Тынчтыкта, жакшылыкта, аман-эсен бололу, урматтуу кыргызстандыктар! - деди Аскар Акаев.
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери, өздүк көркөм чыгармачылык топтору, театрлардын өнөрпоздору калайыкка Нооруз майрамынын урматына театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты.
Чакыруу барагы жоктугунун айынан театрлаштырылган майрамдык оюн-зоокко кире албаган бир далай шаар тургундары бийликтерге жана аянтты курчап алган милиция кызматкерлерине нааразы болушту.
(Сүрөт былтыркы нооруз майрамынан алынган).