Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

ЖАШТАРДЫН ЖУМУШСУЗДУГУ МАСЕЛЕСИ КУРЧ БОЙДОН КАЛА БЕРҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздук маселеси курч бойдон калууда. Жумушсуздук жаштар арасындагы башка социалдык маселелерди да пайда кылган негизги факторго айланууда.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаштар арасында 90 миңге жакын расмий катталган жумушсуз бар. Учурда өлкөдөгү ири шаарлар менен облустарда жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча эмгек биржалары иштөөдө. Жакында эмгек жана социалдык министрлиги тарабынан иштелип чыккан калкты иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатынын 2010-жылга чейинки Концепциясында да жаштар арасындагы жумушсуздук маселесине башкы көңүл бурулган.

Бул жөнүндө аталган министрликтин кызматкери Шабдан Рыскулов мындай дейт:

- Биздин министрлик жаштардын арасындагы жумушсуздук маселесин чечүүгө да чоң көңүл бурат. Маселен, жакында иштелип чыккан өлкөдө жумушсуздарды иш менен камсыздоо Концепциясында да жаштардын бул маселесине атайын бир бөлүм арналган.

Концепцияда каралгандай, жаштарды жумуш менен камсыздоо иштерине өлкөдөгү дээрлик бардык министрликтер менен мекемелер, облустук, райондук акимияттар жана башка органдар милдеттүү түрдө катышат. Ага ылайык, 2010-жылга чейин жаштар арасында 118 миң адам жумуш менен камсыздалышы күтүлүүдө. Азыр болсо, расмий мааламаттар боюнча жылына өлкөдө 30 миңге жакын адам жумуш орундары менен камсыздалып жатат.

Бирок, жаштар арасындагы жумушсуздардын саны жогору бойдон калууда. Жогорку билимдүү жаштардын көпчүлүк бөлүгү да бүгүн жумушсуз. Буга байланыштуу Бишкек шаарында учурда жумушсуз жүргөн Рустам Кошоев мындай дейт:

Мен өзүм жогорку окуу жайын бүтүргөнмүн. Айыл-чарба институтунун механика факультетинде окуганмын. Бирок, өзүмдүн адистигим боюнча иштейин десем, жумуш жок. Айла жок, азырынча майда-чүйдө иштер менен алектенип жүрөм. Жумуш бер деп кимге барып арызданамын?

Белгилүү болгондой, жумушсуздук соңку жылдары жаштар арасындагы тышкы жана ички миграциялык жараяндарды да күчөттү. Натыйжада айыл жериндеги, алыскы райондордогу жаштардын көпчүлүгү Орусияга, Казакстанга барып иштөөгө мажбур болушту. Мисалга алсак, расмий маалыматтар боюнча бир гана Жалалабат облусунан Орусияга жумуш издеп кеткен жаштардын саны 2,5 миңден ашуун. Ал эми бейрасмий маалыматтарга караганда бул облустан Орусиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүргөн жаштардын саны 20 миңге жакын.

Жаштардын бир бөлүгү болсо Бишкек, Ош шаарларына келип жан багууда. Мындай абалга дуушар болгон жаштардын бири, жумуш издеп Ош облусунан Бишкеке келген Нурдин Курманбаев мындай дейт:

- Мен Бишкекке иш издеп 1999-жылы Оштон келгенмин. Келгенден бери курулушта иштеп жатам. Өзүмүн эки жаш балам бар. Алган айлыгым балдарымды бакканга жетпейт. Эптеп турмушубуз өтүп жатат. Эгерде өкмөт жаштардын бул маселесине көңүл бурса, завод, фабрикалар иштеп кетсе, анда биз да ошолордо иштейт элек да.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан белгиленгендей, жаштардын экономикалык, социалдык оор абалы алардын ар кандай кылмыштарга барышына, жаштар арасында баңгилердин көбөйүшүнө түрткү болуп жатат.

Бул жөнүндө ички иштер министри Бакирдин Субанбеков мындай дейт:

- Жаштардын негизги бөлүгү кедейчиликти башынан өткөрүүдө. Жаштардын турак-жайларынын, жашоого каражаттарынын жоктугу алардын кылмыштарга барышына түрткү болууда. Соңку жылдары жаштар арасындагы кылмыштуулук күчөп, анын ичинде оор кылмыштар көп орун алууда .

Ал эми Ош облусунун губернатору Накен Касиев мындай деп белгилейт:

- Акыркы жылдары бизде, Ош облусунда, баңгилердин саны 10 эсеге жогорулады. Азыр облуста жаштардын маселелерин чечүү багытында 5 бейөкмөт уюмдары иштөөдө. Албетте, жаштардын арасында баңгилердин көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири - бул жумушсуздук.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен маалымдашкандай, жакынкы жылдары өлкөдөгү жаштар арасындагы жумушсуздук маселесин чечүүгө учурда Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан калкты иш менен камсыздоо боюнча Концепциянын кабыл алынышы чоң өбөлгө түзөт. Анткени, бул Концепцияда жаштарды жумуш менен камсыз кылуунун жолдору жана бул багытта өкмөттүк деңгээлде жүргүзүлө турган иш-чаралар так жана ырааттуу түрдө аныкталган, дешет министрликтин өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG