Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

АБАКТАГЫ ОППОЗИЦИЯЧЫ САЯСАТЧЫ ФЕЛИКС КУЛОВ ШЕРИКТЕРИН ЖАНА ЖАЛПЫ ЭЛДИ БИРИМДИККЕ ЧАКЫРАТ


Америка Кошмо Штаттарына барып келгенден кийин өткөн жума соңунда «Ар-намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев партиянын абактагы лидери Феликс Кулов менен жолугушууга аракет жасаган. Бирок ал аракет ишке ашпай, Кулов менен кат аркылуу гана байланышкан.

«Ар-намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин маалымдоосуна караганда, партиянын абактагы лидери, өлкөнүн мурдагы вице-президенти, ички иштер жана коопсуздук министри, ошондой эле Бишкектин мурдагы акими катары таанымал саясатчы Феликс Кулов менен жолугушууга азырынча мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бирок, Феликс Кулов менен кат аркылуу байланышууга мүмкүн болуп, анын бозгунчулуктагы үй-бүлөсү Кошмо Штаттардан берип жиберген аманат кат, сүрөттөр тапшырылды.

Феликс Кулов кайра жазган жооп катында кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, жалпы элди, асыресе оппозициялык саясатчыларды биригүүгө чакырган.

Феликс Куловдун сөзүн Эмил Алиев «Азаттык» үналгысына мындайча кабарлады:

- Кулов азыркы учурдагы эң зарыл нерсе катары оппозициянын эле эмес, жалпы элдин биригиши деп (катында) айткан. «Биз, эгерде Кыргызстанды жакшы жолго салышты кааласак, анда баарыбыз биригүүбүз керек» деп белгилөөдө Феликс Кулов .

Алиев мырзанын айтымында, Феликс Кулов менен өлкөдөгү бир катар ири саясатчылар байланыш түзүп, кырдаалды улам талкууга алып турат.

Оппозиция жана укук коргоочулар Феликс Куловду саясий себептер менен абакка салынды деп эсептейт. Расмий Бишкек болсо аны кызматтан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жазасын алды деп санайт.

Былтыр Феликс Кулов укук коргоо тармагына жана демократиялык жараянга кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылчу Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн, бирок сыйлык Бириккен Улуттар Уюмунун Багдадда набыт болгон өкүлдөрүнө (өлгөндөн кийин) ыйгарылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG