Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Иракка ООНдун жаңы миссиясы жөнөтүлүшү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн коопсуздук кеңеши атайын чечим чыгарганы жатат.ООНдун өкүлү Фред Экхард ырастагандай, эгер миссия Иракка жиберилсе, анын башчысы Лахдар Брахими таламдар бардык тараптардын өкүлдөрү менен жолугушканга даяр,бирок азырынча шийиттердин лидери аятолла ал-Систанинин катына жооп бергиси келбейт. Аятолла ал-Систани жакында Брахимиге кат жолдоп, Ирактын убактылуу мыйзамдары өлкөнүн келечектеги парламенти үчүн милдеттүү эместигин тастыктоону ООНдон талап кылган эле. Эгер бул талап эске алынбаса, аятолла ООНдун ар кандай делегациясы менен жолугушпай тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG