Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Украина Саакашвилиге нааразы


ТБИЛИСИ. Ажария автоном республикасынын башчысы Аслан Абашидзе милицияны куралсыздандыруу тууралуу расмий Грузиянын сунушунан баш тартты. Анын айтымында, Ажариянын күчтүү коргонуусу Грузиянын борбордук бийлиги менен кагылышуудан сактап келатат.

Президент Михаил Саакашвили куралсыздандырууга Абашидзени ынандырганын жергиликтүү телеберүүдө кабарлаган. Ал эми кечээ Абашидзе Ажарияны коргоо үчүн жалданма чечен жана украин куралчандарды пайдаланылып жатат деген Саакашвилинин доосун четке какты. Украина тышкы иштер министрлиги бул боюнча атйын билдирүү жасап, Саакашвилинин дооматын негизсиз деп эсептеди.

XS
SM
MD
LG