БИШКЕК. Учурда ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында отурган «Энесай» гезитинин башкы редактору Бахбурбек Аленов "мага коюлуп жаткан күнөө негизсиз" деп кечээ кечинде «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Журналист маалымдагандай, ал Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашевдин бир тууганынан акча талап кылган эмес.
Бахбурбек Аленов 18-мартта тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана анын үстүнөн өлкөнүн Кылмыш кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Журналист парламенттин депутаты Тайырбек Сарпашев жөнүндөгү материалды чыгарбоо үчүн анын бир тууган агасы Эмир Сарпашевден 800 АКШ долларын талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Учурда «Журналист» коомдук уюму бул окуяны иликтөөгө ала баштады.