Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕКТӨӨ, ТАШТАНДЫГА ТОЛГОН НЕАПОЛ, ЖАПОН ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨГӨН КУУРЧАК


Эмки кезек - “Кызыктар дүйнөсүндө”. Германиянын атуулу Микаел Коболд бир тууганын узатам деп, аз жерден түрмөгө түшүп кала жаздады. Италиянын Неапол шаарында өткөн аптанын этегинде таштандылар элдин азабын жедирди. Жапонияда айтылуу Чебурашка жапончо сүйлөмөкчү...

Германиянын атуулу Микаел Коболд бир тууганын узатам деп, аз жерден түрмөгө түшүп кала жаздады. Окуя АКШнын Пенсилвания штатындагы Питсбург шаарынын аба майданында болуптур. Коболд бир таанышынан полициянын кызматкери деген төш белгисин алат да, аэропортко жөнөйт. Агасы менен коштошом деп ал жүргүнчүлөр гана кирчү аймакка кирип кетет.

2001-жылдын 11-сентябрында болгон терракттардан кийин АКШнын аба майдандарында жаңы катаал федералдык эрежелер киргизилгенин айта кетүү абзел. Бажы офицерлери Коболд бир туугандарынын коштошуп жатканын көрүп калып, расмий кызматкерге калп айткандыгы үчүн Микаелди кармап кетишет.

Мындай учурлар үчүн сот 5 жылга абакка кесиши да ыктымал. Бирок Микаел 5 миң доллар айып пул төлөп, 400 сааттык коомдук иштерге тартылмай болду.

Иммиграциялык департамент болсо аны депортациялоо маселесин караштырып жатат.



АКШнын азыркы өкмөтү Мянмарда (мурдагы Бирмада) адам укуктары тепселенүүдө деп өткөн жылы өлкөгө каршы чектөө (санкция) киргизген эле. Чектөөлөрдүн бирине ылайык, Мянмарда жасалган товарлардын АКШга алынып келишине тыюу салат.

Жакында болсо президент Буш менен вице-президент Чейнинин шайлоо өнөктүгү үчүн алынып келген буюмдардын арасында Бирмада жасалган деген белги тагылган 50 долларлык тор көйнөк да бар экени ачыкка чыгып калды. Анын боорунан “Буш-Чейни” деген жазууну да окуса болот.

Буштун өнөктүгүн майда-чүйдө буюмдар менен камсыз кылып турчу топтун жетекчиси Тэд Жэксон “бул катачылык, мындай нерсе болочокто кайталанбайт» деп актанды.



Италиянын Неапол шаарында өткөн аптанын этегинде кээ бир мектептер убактылуу жабылды. Анын себеби эпидемия же аба ырайы деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Калаа эки жумадан бери таштандылардан тазаланбай, байыркы Неаполдун кооз көчөлөрү ирик-чирикке толуп калыптыр. Бул - таштандыларды өрттөөчү жабдыктардын тартыштыгы менен түшүндүрүлүүдө. Эми шаардын бийлиги ыпыр-сыпыр салынган челектерди темир жол менен өлкөнүн түндүгүнө жөнөтүүнү караштырып жатат.

Ал аралыкта жергиликтүү тургундар менен миңдеген туристтер беттерине беткеп (маска) тагынып, же оозу-мурдун жолук менен чүмкөп жүрүүгө мажбур болду.

Неапол жайгашкан Кампанияда күнүнө 750 миң тонна таштанды пайда болот экен.



Британиялык нейрохирург Теренс Хоуп тийешелүү бир мөөнөткө кызматынан четтетилди. Жок, дарыгер кандайдыр бир кесиптик ката деле кетирген эмес. Ал жөн гана оорукананын ашканасынан шам-шум эткен бир сындырым нан үчүн акча төлөбөй койгон экен. Ноттингемдеги Падышалык медицина борборунун хирургу, 57 жаштагы Хоуп жылына 150 миң фунттун тегеррегиндеги маяна алат. Ал Британиядан тышкары АКШнын да аттуу-баштуу клиникаларында эмгектенген.

Хоуптун бир пациенткасы: «Бул - абдан күлкүлүү иш болду. Дегиңкиси, нан акчага тураарын билем, бирок бул жерде башка бир сыр бар”, - деген оюн айтты. Оорукананын жетекчилиги болсо бул маселе Хоуп мырзанын өзү менен гана талкууланат деп, башка маалымат берүүдөн баш тартты.



Токионун сыналгысы (телекөрсөтүү) бир кездери СССРдин калктарынын балдарынын арасында популярдуу болгон “Чебурашка жана крокодил Гена” деген мультфильмдин жаңы вариантын тартмай болду. Чебурашканын автору Эдуард Успенский “Известия” гезитине берген маегинде: “Чебурашка жапондорго ушул бойдон жагат. Анын келбети өзгөртүлбөйт», - деп айтты.

«Ал элдин маанайын көтөрөт. Чебурашканын негизги көрөрмандары - жапондук жаш кыздар менен аялдар”, - деп белгиледи жазуучу.

Жапондор биринчи жолу Чебурашка менен 2001-жылы таанышышкан. Мультфильмди оболу 700гө жакын киши көргөн. Негизги каарманды болсо жапондуктар Чеби деп атай башташты.

Ошентип, Чебурашка, крокодил Гена жана Шапокляк кемпир эми жапон тилинде сүйлөп калышмакчы.
XS
SM
MD
LG