Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

НЬЮ-ЙОРКТО ВИЗАНТИЯ ДООРУНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Нью-Йоркто ушул күндөрү атактуу Метрополитен көркөм өнөр музейинде Византия маданиятынын акыркы үч кылымдык тарыхына арналган көргөзмө ачылды. Жети жылга созулган изилдөө иштеринин, соодалашуулардын жана кызматташттыктын жыйынтыгында Орусия, Болгария, Сербия, Египет жана Түркия сыяктуу 27 өлкөдөн 377 экспонат бир жерге чогултулду. Чиркөөлөрдөн жана ибадатканалардан алынган айрым шедеврлер мурда эч жерде көрсөтүлгөн эмес.

"Византия: дин жана бийлик" деп аталган көргөзмө 23-мартта ачылууда. Ал Константинопол (азыркы Стамбул шаары) Чыгыш Рим дөөлөтүнүн (империясынын) маданий жана саясий очогуна кайра айлангандан тартып, 1557-жылга чейинки мезгил аралыгын камтыйт. Дал ошол жылы немис окумуштуусу Хиеронимус Волф осмон түрктөрү андан бир кылым мурда басып алган жерлерге "Византия" деген ат берген эле.

Метрополитен музейи буга чейин Византия империясынын алгачкы дооруна арналган көлөмдүү эки көргөзмө уюштурган. Музейдин директору Филип Монтебелло азыркы көргөзмөнүн көлөмү да, мазмуну да алда-канча кеңири экендигин билдирди:

- Биз көпчүлүгүбүз кадыресе шартта да үч кылымдын алда-канча кеңири тарых-таржымалын көргөзө алабыз деп ойлогон эмеспиз. Болуп көрбөгөндөй геосаясий проблемаларды баштан кечирип жаткан ушул тапта мындай долбоорлор оңой эле ишке ашпай калышы мүмкүн эле.

Көргөзмөдө православ иконаларына кеңири орун берилген, ошол эле убакта фрескалар, кездемелер, падышалардын мөөрлөрү, тыйын, жазуулар жана башка экспонаттар бар. Көргөзмө ал кезде латын тилинде сүйлөгөн Батыш Европага, айрыкча Кайра жаралуу дооруна, жана ошондой эле Ислам дүйнөсүнө Византия маданиятынын тийгизген таасиринен кабар алууга мүмкүндүк берет.

Көргөзмөнүн куратору Хелен Эванстын айтымында, осмон түрктөрү басып алаардын алдында Византия жазмышка баш ийип, мүңкүрөгөн, жалаң диниятчылар үстөмдүк кылган империя болгон деген түшүнүк калыптанган, бирок көргөзмө мындай түшүнүктүн чындык менен анча коошпой тургандыгын айгинелейт:

- Бул көргөзмөдөн элдер Византия империясы кандайча келечекке ишенимдүү карап, 1261-жылы бай тактысы (Константинополду) кайтартып алганына, мындай оптимизмдин маданий турмуштун гүлдөп-өнүгүшү менен коштолгонуна, саясий тагдыр сөзсүз эле маданий жараян менен дал келбей турганына ынанат.

Көргөзмөнү уюштурууга илимий жана башка уюмдар колдон келген жардамын аяшпады. Бир нече өлкө гана, анын ичинде Армения буга катышкан жок. Куратордун айтымында, айрым динчилдер күнү бүгүн да таатта жана башка диний жөрөлгөлөрдө колдонуп келаткан тарыхый экспонаттар боюнча айрым түшүнбөөчүлүктөр болду. Мындай учурларда Метрополитен музейи диниятчыларды жана өкмөттөрдү экспонаттарга көздүн карегиндей мамиле жасалат деп ишендирди.

Көргөзмөдө Мысырдын (Египеттин) Синай аймагындагы гректердин православдык Ыйык Катерина кечилканасынан 43 экспонат коюлду. Алардын 30у буга чейин эч качан бул жайдан сыртка чыгарылган эмес. Африка менен Азияны бириктирген Синай жарым аралындагы кечилканага Византиядан тартып, Батыш Европадан жана мусулман өлкөлөрүнөн ар кыл динзарлар каттап турган.

Византиянын соңку жылдарында ал ислам дүйнөсү менен кеңири карым-катнашта болгон. Маданий карым-катнаш коомдун ар кыл деңгээлин, бирок көбүнесе бийликтердин, соодагерлердин жана куралдуу күчтөрдүн деңгээлинде жүргөн. Басылып алынган жерлерде христиан сүрөткерлери исламдын декорациялык өнөрүн Византиянын салттары менен жуурулуштуруп, татына чыгармаларды жаратышкан.

Мусулман сүрөткерлер да христиандардан таасирленген. Византия саясий таасиринен ажыраганы менен, анын маданий таасири көп убакытка күчүн жоготкон эмес. Селжук түрктөрү жана башка мусулмандар Византиядан келген кийим-кечектерге кызыгып, өнөр чыгармаларын чогултушкан. Селжуктар, кийин осмон түрктөрү Византиянын салттарын кабыл алып, ак сарайларын алардын эстеликтери менен жасалгалашкан.

Алтынчы кылымда Византия Борбор Азия түрктөрү менен да дипломатиялык алака түзгөн. Маселен, 568-жылы византиялык элчи Земарх азыркы Кыргызстандын аймагына чейин келгенде, Батыш түрк каганы Истеми ага бир кыргыз кызын тартуулагандыгы византиялык тарыхчы Менандр Протектор тарабынан эскерилет.

Нью-Йорктогу көргөзмө 4-июлга чейин созулат. Метрополитен музейи мындан тышкары көргөзмөнүн чегинде жалпы эле Нью-Йорк шаарында жана Нью-Йорк штатынын аймагында Византия дооруна арналган симпозиумдарды өткөрүп, концерттер өткөрүлүп, фильмдер көрсөтүлүп жатат.
XS
SM
MD
LG