Маалымат булактарынын билдиришинче, жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегиз жарым ченде мурдагы эски шаар аймагында жайгашкан “Чорсу” базарындагы “Балдар дүйнөсү” дүкөнүн алдында болду. “Чорсу” үч миллион чамалуу эли бар Ташкен шаарынын батыш бөлүгүндөгү эң ири базар.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхам Закиров бүгүнкү жардыруу ишке ашпай калган бир нече террордук аракеттин бири болгонун тастыктады. “Биз кылмышкерлерди кармадык. Алар азыр суракка алынууда. Бул алдын ала даярдалган иш жана анын артында кимдир бирөөлөр турганы анык. Алардын ким экенин азырынча билбейбиз”, - деп билдирди Закиров.
Орусиянын ИТАР-ТАСС агенттиги базарда бомбаны жанкечти аял жардырганын кабарлады. Бирок бул кабар тастыктала элек.
Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Алимжон Турдакулов Эски шаар аймагындагы базардагы балдар дүкөнүнө кире бериште бери дегенде бир жардыруу болгонун ырастады.
Өлкө президенти Ислам Каримов чабуулга байланыштуу телекайрылуу жасайт деп күтүлүүдө.
Бул Ташкендеги биринчи террордук жардыруу эмес. 1999-жылдын февраль айында шаардын ортолук бөлүгүндө удаа-удаа болгон жардыруулардан 16 кишинин өмүрү кыйылып, 100дөн ашуун адам жабыркаган. Ал чабуулдар үчүн ырасмий Ташкен жоопкерчиликти радикал уюм болгон Өзбекстан ислам кыймылына жүктөгөн. Бул кыймылдын 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасына жана Вашингтондогу террордук чабуулдардын артында турган “ал-Кайида” уюму менен жакын кызматташканы маалым.
Пакистан армиясы Ооганстанга чектеш Түштүк Вазиристан провинциясында кечээ (жекшемби күнү) аяктаган эки жумалык операция учурунда Өзбекстан ислам кыймылынын айрым согушчандарын колго түшүргөнүн Батыш маалымат агенттиктери кабарлаган эле.
Өзбекстанды эл аралык укук коргоочу уюмдар жана бир катар Европа мамлекеттери диссиденттик көз караштагы адамдарга өтө катаал мамиле жасаганы, абактардагы адамдар ур-токмокко, кыйноого алынганы үчүн үзбөй сындап келет.
11-сентябрь кыйраканынан кийин АКШ коңшулаш Ооганстандагы террорчуларга каршы согуш баштаганда Өзбекстан америкалык учактарга өз аба майданын берип, ошондон бери Вашингтондун “жакын ынагы” саналат.