Маалыматтарга караганда, Ташкендеги жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегиз жарым ченде атактуу “Чорсу” базарындагы үч кабаттуу “Балдар дүйнөсү” дүкөнүнүн жанында болду. “Чорсу” үч миллион чамалуу эли бар Ташкен шаарындагы эң чоң базар.
Өзбекстандын башкы прокурору, генерал Рашид Кадыров бу күнү Ташкенде жана Бухарада болгон жардырууларда кеминде 19 киши өлүп, дагы 26 киши жарадар болгонун билдирди.
Кадыровдун айтышынча, алдыңкы түнү жана дүйшөмбү күнү эртең менен жасалган эки чабуулда өлгөндөрдүн алтоосу полициянын кызматкерлери. Ал, ошондой эле, тыйуу салынган “Хизб ут-Тахрир” жана Өзбекстан ислам кыймылы уюмдары террордук чабуулдар үчүн жооптуу деп, ал уюмдарды күнөөлөдү.
Бомба “Чорсу” базары ачылгандан жарым саат өтпөй жардырылгандыктан, кырсык учурунда эл аз болгонун маалымат агенттиктери баса белгилешет. Оболу бомбаны жанкечти аял жардырганы кабарланды, бирок, бул кабарды ырасмий түрдө тастыктала элек.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхам Закиров: “Биз кылмышкерлерди кармадык. Алар азыр суракка алынууда. Бул алдын ала даярдалган иш жана анын артында кимдир бирөөлөр турганы анык. Алардын ким экенин азырынча билбейбиз”,-деп билдирди.
Өлкө президенти Ислам Каримов жергиликтүү убакыт боюнча саат бирде чабуулга байланыштуу телекайрылуу жасайт деген билдирилген эле. Бирок Каримов телекайрылуусун али жасай элек.
Бул Ташкендеги биринчи террордук жардыруу эмес. 1999-жылдын февраль айында шаардын ортолук бөлүгүндө удаа-удаа болгон жардыруулардан 16 кишинин өмүрү кыйылган, 100дөн ашуун адам жабыркаган. Ал жардыруулардын бири Өкмөт үйүнүн жанында болгон. Ошондогу чабуулдар үчүн ырасмий Ташкен жоопкерчиликти радикалчыл Өзбекстан ислам кыймылына жүктөгөн. Бул кыймылдын 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу жана Вашингтондо болгон террордук чабуулдардын артында турган “ал-Каида” уюму менен жакын кызматташканы маалым.
Оппозициядагы Эрк партиясынын башчысы, азыр Германияда жашап жаткан Мухаммад Салих бомба чабуулун айыптады:
-Биз террорчулукту жеке адамдар, саясый же диний топтор же кайсы бир мамлекет жасаганына карабастан сындайбыз. Диссиденттерди куугунтуктаган Өзбекстандын саясый режими террорчулук үчүн жакшы шарт түзүүдө. Айрым бир топтор өз идеяларын тынчтык жолу менен коргоого мүмкүн болбогондуктан, радикалдашып, репрессияга каршы күрөштүн таасирлүү жолдорун издешүүдө.
Эларалык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Каримовдун бийлигин оппозицияга өтө катаал мамиле кылганы, абийир туткундарынын түрмөлөрдө уруп-сабалганы жана кыйноого алынганы үчүн үзбөй сындап келет.
Москвалык талдоочу Андрей Грозин Өзбекстандагы террордук чабуулдар жөнүндөмындай дейт:
-Менин оюмча, азыркы саясый режим алмашпаса, өлкөдө чоң саясый өзгөрүүлөр болбойт. Биз мындан ары да ушул сындуу жаман кабарларды көп-көп угабыз.
Казакстан Ташкендеги жана Бухара облусундагы жардырууларга байланыштуу Өзбекстан менен болгон чегарасын күзөтүүнү бекемдеди.
Ассошиэйтед пресс агентиги АКШнын Ташкендеги элчилиги дагы башка террордук чабуулдар болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам, америкалык жарандарды этияттыкка чакырганын маалымдады.
11-сентябрь кыйраканынан кийин АКШ башындагы күчтөр коңшулаш Ооганстандагы террорчуларга каршы согуш баштаганда Өзбекстан америкалык учактарга өз аба майданын берген. Ырасмий Ташкен ошондон бери Вашингтондун “жакын ынагы” саналат.