Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

НАТОго дагы жети мамлекет кабыл алынды


Вашингтондо Ак үйдө өткөн салтанатта АКШнын президенти Жорж Буш Эстония, Литва, Латвиянын, ошондой эле Болгария, Румыния, Словакиянын жана Словениянын өкмөт башчыларын куттуктады:

- Бул жети өлкөнүн элдери мурда империянын барымтасында жашаган. Алар тиранияны башынан өткөрүштү. Алар эр жүрөктүгү жана чыдамкайлыгы менен эркиндикке жетишти жана азыр НАТОдой зор биримдиктин толук жана тең укуктуу мүчөлөрү болуп, биздин арабызда турушат.

Ошону менен НАТОго кирген өлкөлөрдүн саны 26га жетип, НАТОнун чегарасы Орусияга келип такалды.

Албания, Хорватия жана Македония уюмга келечекте кошулабыз деп үмүттөнүшөт. Буш "бүткүл Европа эркиндикте жана бейкуттукта бириккенге чейин НАТОнун эшиги ачык бойдон калат" деди.

XS
SM
MD
LG