Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Аскар Акаев Николай Бордюжаны кабыл алды


БИШКЕК. Жамааттык кооопсуздук келишим уюмунун коопсуздук кеңешинин Бишкекке кечээ келген баш катчысы Николай Бордюжаны бүгүн мамлекет башчы Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушуунун соңунда Николай Бордюжа журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда Жамааттык коопсуздук келишим уюм кеңешинин июнь айында Астана шаарында өткөрүлө турган отурумунда каралуучу маселелер жана уюмга кирген өлкөлөрдөгү аскердик кызматташтыкты чыңдоо жаатындагы мыйзамдарды ратификациялоону тездетүү тууралуу сөз болду. Николай Бордюжанын Кыргызстандагы иш сапары 31-мартта соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG