Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

БИШКЕКТИН БАШ ООРУСУ КӨП...


30-март - дүйшөмбүдө Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана шаар кызматтарынын быйылкы 3 айда аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу кезектеги отуруму болуп өттү. Шаар башчысы аткаруу кызматтарынын иштериндеги кемчиликтерди сынга алды.

Жыйында «2004-жыл - социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу» программасына байланыштуу шаардагы 4 райондун акимдери үстүбүздөгү жылдын 3 айында аткарган иштери тууралуу эсеп-кысабын беришти. Трибунага чыккан акимдер адаттагыдай эле кагазга жазып алган эсеп-кысаптарын шатыратып окуп киргенде шаар башчысы Медетбек Керимкулов жакырчылыкты жоюу багытындагы аткарылбаган иштер тууралуу маселени кабыргасынан койду.

Жыйналыштын мындай чукул бурулушун күтпөгөн акимдер маалыматтарды так айталбай, аткаруу иштериндеги орчундуу проблемаларды чечүүнүн жолдорун түшүндүрүп бере албай кыйналышты. Шаар башчысы район акимдерин «2004-жыл - социалдык моблизациялоо жана акыйкат башкаруу» программасын толук окуп чыкпаганын айтып, ачууланып алды:

- Урматтуу акимдер, жыйынтыктуу иш аткарбай жатасыңар. Силер жадагалса программаны толук окуп чыккан эмессиңер. Андан сырткары, программаны аткаруу тууралуу менин берген көрсөтмөлөрүм бар эле, ага да көңүл бурбаганыңар көрүнүп турат. Курулай көрсөтмө берип, көкүрөк койгулаганыңарды токтоткула. Силер экономиканы көтөрүү багытында иштегиле. Биздин алдыбызда президент жана өкмөт тапшырган иш-чаралар турат. Биз аны аткарышыбыз керек.

Бишкектин вице-мэри Надежда Мельничуктун маалыматы боюнча учурда баш калаада үч жарым миң жакыр жашаган үй-бүлө бар.

Статистикалык маалымат боюнча, шаарда каттоодо турган 10 миңге жакын жумушсуздар бар. Так эмес маалыматтар боюнча жумушсуздардын саны 40 миңден ашуун.

Жыйында шаар тургундарына микрокредиттерди көбүрөөк берип, жумуш орундарын көбөйтүү маселеси ар бир район жетекчилерине тапшырылды. Шаар башчысы ар бир райондун акимине өзүнүн аймагындагы жакыр жашаган бирден үй-бүлөнү жеке көзөмөлгө алып, материалдык колдоо көрсөтүп, майып адамдардын проблемаларын тез аранын ичинде чечүүгө көрсөтмө берди.

Бишкек шаарында үч айдын аралыгында ижарага берилген жер участогунун акысы, сауна, эс алуу жайлары, ашкана, ресторандардан салык топтоо иштери солгундап кеткен. Коммерциялык дүкөндөрдө кассалык аппараттардын толук коюлбай жатканы, улуксат кагазынан (патент) тийешелүү каржаттар түшпөй жатканы айтылды.

Калкты кызматка орноштуруу депертаментиндеги пайдаланылбай жаткан 3 млн. сом, кызматы жок шаар тургундарын убактылуу жумушка алып, шаардын тазалыгын ирээтке келтирүүгө пайдалануу маселеси каралды. Ал эми шаар башчысынын биринчи орун басары Анатолий Силизовский 3 айда 12 млн. сом салык чогултулбай, шаар бюджетине киреше кирбей калганын билдирди.

- Салыктан 12 млн. сом чогултулбай, шаардык бюджеттин чыгашасы көбөйүп, киреше кирбей калды. Эгерде жергиликтүү бюджетте кошумча каражат болгондо, айлык акылары төмөн ишкана уюмдарга кошумча маяна берүүгө болот эле. Шаардык башкы архитектура, мамлекеттик регистр, жерди пайдалануу борбору эсеп-кысабында туура эмес маалымат көрсөткөн.

Шаардын мэри аталган тармактардын иштериндеги кемчиликтерди бир айдын ичинде жоюуга көрсөтмө берди. Эгер аткарылбаса жетекчилери кызматтан четтетилээрин билдирди.

- Бир айдан кийин шаардык башкы архитектура, мамлекеттик регистр, жер пайдалануу борборунун иштерине кайрадан кайрылабыз. Эгерде айтылган кем-карчтар бир айдын ичинде аткарылбаса жетекчилер кызматынан четтетилет, - деди Медетбек Керимкулов.

Жыйында ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу, микрокредит менен иштөөнү жандандыруу маселелери каралды. Шаар бийлиги тарабынан ар бир райондун акимдерине, шаардык кызматтардын жетекчилерине мэрия тарабынан түзүлгөн пландагы иш-чараларды убагында аткаруу милдети тагылды.

XS
SM
MD
LG