Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

БЕЙТАРАП СОТТОР АДАМДАРДЫ АДИЛЕТСИЗДИКТЕН АРАЧАЛАП КАЛА АЛАБЫ?


31-мартта Бишкекте «Бейтарап териштирүүнү өнүктүрүү - инвесторлордун укуктарынын корголушунун кепилдиги» деген темада улуттук форум өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү.

Бейтарап териштирүүнү өнүктүрүү маселесине арналган улуттук форум Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, АКШнын ЮСАИД агенттиги жана Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен уюштурулду. Ага өлкөнүн сот органдарынын жетекчилери, ишкерлер жана эларалык эксперттер катышты.

Форумду вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ачып, сөздү президент Аскар Акаевге берди:

- Биз бейтарап соттордун натыйжалуу иштешин камсыз кыла алабыз жана ал биздин милдет. Мындай соттордун чечиминин аткарылышын камсыз кылуу маанилүү. Ал үчүн «Атуулдук процессуалдык» кодекске өзгөртүү киргизүү зарыл жана мен парламентке андай өзгөртүүнү тезирээк киргизүүнү сунуштадым.

Президенттин айтымында, Кыргызстан бейтарап соттордун мыйзамдык базасын түзүүдө аймактагы мамлекеттер арасында лидер болуп эсептелет. Ошондуктан өлкөнү аймактагы арбитраждык талаш-тартыштарды чечүү борборуна айлантууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле бейтарап териштирүүлөрдү калкка жайылтуу зарыл. Анткени элдин көбү талаш-тартышты жеңил чечүүнүн мындай жолу жөнүндө кабарсыз, деп белгиледи президент.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары, «Бейтарап сот жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгуучулардын бири Кубатбек Байболов жалпы эле сот системасынын абалы жана аны реформалоо маселесине токтолду:

- Азыркы мыйзамдарда камакка алуу эмес, башкача жол менен жазалоо жагы каралган. Бирок ырасмий маалыматтар боюнча, биздин соттор караган иштердин 80% камакка алуу менен аяктайт. Бул - гумандуулукка каршы келет. Андан сырткары бул абактардын толуп кетиши жана ооруларды жугузуп, эркиндикке чыккандан кийин таратышы менен да коркунучтуу. Гумандуу чечим чыгаруу соттук реформадагы негизги маселе. Бирок биздин соттор гумандуу чечим чыгарыштан коркушат. Менин оюмча, мындай шартта соттордун өзүн-өзү башкаруусун киргизүү туура болот. Ал соттордорду коргойт.

Байболовдун пикиринде, бейтарап сотторду түзүү талашкан тараптарды тынчтык келишимге жеткирүүнү көздөйт. Ошондуктан мындай сотто ишти кароо тездетилет. Андан кийин сөз сүйлөгөн эларалык эксперттер, бейтарап соттордун кадимки соттор менен эриш-аркак иштөөсү маанилүү экенин, ал эми анын натыйжалуу иштеши инвестицияны тартууда оң рол ойноорун белгилешти.

Эларалык бейтарап соттун Кыргызстан боюнча тизмесинде 112 арбитр бар. Алардын ичинде 53 арбитр чет мамлекеттиктер.

Улуттук форумда Кыргызстандагы бейтарап соттун эларалык бейтарап соттор менен бирге иштеши өзгөчө маанилүү экени белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG