Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРДЫН АРТЫНДА КИМ ТУРААРЫ АЗЫРЫНЧА ТАБЫШМАК


Өзбекстанда акыркы үч күндүн ичиндеги жардыруулар менен кол салуулардан 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Маселен, кечээ Ташкендин чет жакасында шектүү согушкерлер менен милиция кызматкерлеринин бир нече саатка созулган атышуусу учурунда 20дай адам каза тапкан. Кошмо Штаттар ырасмий Ташкенге бул окуяларды иликтөө үчүн өз жардамын сунуш кылды. Ал эми жардыруулар менен кол салуулардын артында кимдер турганы жана эмне максатты көздөгөнү жөнүндө азырынча жоромолдорду гана айтууга болот.

Өзбекстандагы азыркы террор аракеттеринин башталышы катары өткөн жекшембинин түнү эсептелүүдө. Бул күнү Бухара шаарында турак үйлөрдүн бири жарылып, андан он адам каза тапкан эле. Өзбек бийликтериин ырастоосунда, ал үй жардыруучу заттарды жасоо максатында колдонулуп келген. Мындан сырткары жекшембинин түнүндө белгисиз адамдар үч милиция кызматкерин атып кетишкен.

Дүйшөмбү күнү эртең менен болсо Ташкендин эң ири –"Чорсу" базарында эки жанкечти аял жасаган жардыруудан кеминде үч милиция кызматкери жана бир жаш бала каза тапты. Ал эми шейшембиде Өзбекстандын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, 23 адам мерт болду. Алардын үчөөсү милиция кызматкери.

Бул күнү Ташкендин чет жакасында, президент Ислам Каримовдун резиденцияна алып баруучу жолго жакын жерде шектүү согушкерлер менен милиция кызматкерлеринин атышуусу беш саатча созулган. Коопсуздук күчтөрү 20дай адам бекинип алган үйдү курчоого алган эле. Өзбек ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, курчоодо калгандар акыр-аягында өзүлөрүн жардырып жиберишкен. Ташкенден түшкөн кабарларда айтылгандай, бул күнкү кагылышуу шейшембиде эртең менен өзбек башкалаасынын чет жакасында милиция бекеттеринин бири аткыланып, ал жерге токтогон автоунаадан чыккан эки адам өзүн жардыргандан кийин башталган.

Айтор, учурда өзбек бийликтери бул окуялардын чоо-жайын иликтеп жатат. Өлкөнүн башкы прокурору Рашид Кадыровдун айтымында, 30тай адам камакка алынды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл өзбек тышкы иштер министри Садык Сафаев менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө иликтөө иштеринде Вашингтондун жардамын сунуш кылды.

Ырасмий Ташкен адеп башында эле соңку кыянатчылыктар үчүн исламчыл экстремисттерди, атап айтканда "Хизб ут-Тахрир" уюмун, аны менен ымалалаш деп эсептелген Өзбекстан ислам кыймылын жана вахаббистерди айыпташкан эле. Анткен менен ырасмий өкүлдөр тарабынан берилген маалыматтардын аздыгы, жардыруулар менен кол салуулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала электигинен улам бул багытта жоромолдор гана айтылууда.

Москвадагы Карнеги борборунун эскперти Алексей Малашенко:

-Мен бул "Хизб ут–Тахрир" деп ойлобойм. Анын ураандары жана принциптери башкачараак. Алар эч убакта мындай мыкаачылык менен аракеттенишкен эмес. Бул балким кайра жаралган Өзбекстан ислам кыймылы жана ага окшош уюм болушу мүмкүн. Ошондой эле бул террактарды башка мусулман өлкөлөрүндө орун алып жаткан окуялардан сыртта кароого болбойт. Чынында эле АКШны колдогон мамлекеттер, Өзбекстан да АКШны колдоодо, соккуга кабылып жатышат, - дейт

Айрым эксперттер Өзбекстан соккуга АКШны антитеррордук согушта колдогону үчүн кириптер болду деген пикирлер менен макул эмес. Ал эми "Хизб ут-Тахрир" уюму ырасмий Ташкендин айыптоосун дароо эле четке какты.

Кээ бир байкоочулардын пикиринде, кол салуулар менен жардыруулардын артында ким турганына карабай, өзбек бийликтери келечекте диний жана башка оппозициячыл топторду куугунтуктоону күчөтчүдөй. Британиядагы Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Аннет Бор:

- Мунун Өзбекстандагы коопсуздук кырдаалга, асыресе жалпы эле Борбор Азияга таасири болот. Президент Каримовдун аракеттеринен тартып, өзгөчө репрессиялык чаралар коңшу өлкөлөргө чоң таасир берет. Менимче ал куугунтукту канчалык күчөтүүгө аракеттенсе, ошончо карама-каршылыкты жаратаары анык. Андыктан буга окшогон кол салуулар менен контрчабуулдарды узак убакытка уланаарын күтүүгө болот, - деди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG