Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН СИРИЯНЫН ОЮНЧУЛАРЫ 1 : 1 ЭСЕБИНДЕ ТЕҢ ЧЫГЫШТЫ


2006–жылы Германияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу мелдештери былтыркы күздөн бери жүрүүдө. Биринчи баскычта алатоолуктар Пакистандын футболчуларын 6:0 эсебинде уткан. Экинчи баскычтын биринчи оюнунда кыргыз курамасы өз жеринде Тажикстандын командасына 2:1 эсебинде утулган эле. Эми бүгүн (31-мартта) Кыргызстандын командасы Сирия өлкөсүнүн футболчулары менен беттешти. Оюн тең чыгуу менен аяктады.

Азия аймагындагы 32 өлкөнүн командалары 8 топко бөлүнгөн. Кийинки баскычта мыктыларды иргеп алуу иши улантылууда.

Чучукулак кармалганда Кыргызстандын футболчулары 2-баскычта Тажикстан, Сирия, Бахрейн өлкөлөрү менен бир топко түшкөн. 2-баскычтын биринчи беттешүүсүндө кыргыз оюнчулары Тажикстандын командасына 2:1 эсебинде утулган.

Бүгүн кыргыз курамасынын Бишкекте өткөн Сирия менен беттешүүсүнө 15 миңдей күйөрман келди. Сириялыктар менен кыргызстандык футболчулар мындан 7 жыл мурда Тегеранда биринчи жолу беттешкен. Анда кыргызстандыктар жакынкы чыгыштык атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп алышкан.

Бул жолку таймашууда сириялыктардын мыкты даярдыгы байкалды. Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар 3-4 жолу жакшы учурду колдон чыгарышты. Кыргызстандын командасынын оюну тууралуу «Дордой» футбол командасынын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов өз оюн мындайча билдирди:

- Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров көп катачылыктарды кетирди. Биринчи таймда алар чабуул коюп, бирок жакшы комбинациялар аягына чыкпай жатты. Оюнчулар коллективтүү оюн көрсөтпөй, жеке чебердигин көрсөтүүгө аракет кылышты. Биздин жигиттер 2-таймда чарчап калышты. Мынтип ойношсо, анда кийинки беттешүүлөрдө деле ийгилик болбойт.

Экинчи таймдын 13-мүнөтүндө Кыргызстандын командасынын чабуулчусу Азамат Ишенбаев сириялыктардын коргоонуусун жарып өтүп, эсепти ачты. Кыргызстандык күйөрмандардын кубанычы көпкө созулган жок. Оюндун аяктаарына аз убакыт калганда сириялык чабуулчу Кайлуни Меатаз эсепти теңдегенге үлгүрдү.

Тең чыгуунун себептерин «Заман Кыргызстан» гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай деп билдирди:

- Биздин федерация башка өлкөлөрдө ойноп жүргөн жигиттерди толугу менен чакырып, келтире албады. Коңшу өлкөлөрдүн клубдары оюнчуларды жибербей коюшканы үчүн айып төлөшү керек. Балдар канчалык аракет кылганы менен сириялыктар жакшы даярданып келишкени көрүндү. Биздин командада көзгө илинген чабуулчулар байкалбады. Баары коргонууда туруп алышты. Биздин жигиттер чабуулду 2-таймда гана баштаганы натыйжа бербеди. Эми каталыктарды оңдоп, келээрки оюндарга мыкты даярдануу керек.

Сирия менен Кыргызстандын оюнчуларынын беттешүүсүн уюштурууда демөөрчүлүк кылган «Шоро» футбол клубунун президенти Табылды Эгембердиев тең чыгууга кубанып, кыргыз футболунун келечегине ишеним бар экенин айтып берди:

- Мен Сириянын командасы ири эсеп менен утуп кетеби деп чочуп тургам. Себеби алардын даярдыгы мыкты экен. Биздин жигиттер 1-таймда үч топту «жеп» коюшпадыбы? Биздин команда 10 күн гана даярданганы байкалып калды. Эң негизгиси - алдыда дагы оюндар бар.

Кыргызстандын командасынын даярдыгы чала экенин футболдук машыктыруучу Мурат Дүйшөналиев сынга алды:

- Кыргызстанда 80 пайыз кыргыздар жашап туруп, командада 2 гана кыргыз жигит ойногону намыска тийчү маселе. Жакшы ойногон жигиттер деле арбын. Эмне үчүн бул беттешүүгө Замир Жумагулов, Нурзат Кадыркулов, Самарбек Андабеков сыяктуу мыкты футболчулардын кошулбай калгандыгы да табышмак. Кыргызстандык жигиттердин 1 таймдык эле шайы бар экени көрүндү. Бул оюнда сириялыктар үстөмдүк кылышты.
-
Эми дагы олуттуу беттешүүлөр алдыда турат. Экинчи баскычта кыргызстандык футболчулар дагы 4 оюн өткөрөт.

Бул топко кирген командалардан азырынча Бахрейн менен Тажикстан өлкөлөрүнүн командалары башкалардан озуп келүүдө. Айта кетчү жагдай, Бахрейн өлкөсүнүн командасын көп жылдан бери германиялык машыктыруучулар даярдап жүрөт. Алар мурда Кыргызстандын командасын төрт жолу утуп алышкан.

Эми алдыдагы 9-июнда Бахрейн өлкөсүнө кыргызстандык футболчулар кезектеги мелдешке барышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG