Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

БАРАК АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНДАРЫ БУКТУРМАДА КАЛЫШТЫ


Кожогелди Култегин, Барак айылы Террордук жардырууларга байланыштуу Өзбекстан өз чегарасын жаап салды. Андан Кыргызстандын Карасуу районуна караштуу Барак анклав-кыштагынын тургундары да катуу жапа чегип жатат.

Чегарада өзбекстандык солдаттар барактыктардын интервью беришине да тыюу салат экен, биз жөнүндө бир нерсе айтып салбасын деп. Андыктан биз Кыргызстан чегинде турган автомашинанын ичинде сүйлөштүк. Сөздү Барак айылынын башчысы Буркан Ашыров баштады:

- Биздин жолду бүгүн 31-мартта таптакыр жаап салды. Азыр транспорттук байланыштар үзүлдү. Бүгүн эртең менен маршрут жүрүүчү унаа токтоду. Эл унаа менен да, жөө да өтпөсүн деп посттон артка кайтарып жибериптир. Карасууда иштегендер кайра кайтып барышыптыр. Азыр сурасак биздин командирге кайрылып көргүлө, биз эч нерсе дей албайбыз, буйрукту аткарып атабыз дешти.

Барак айылындагы "Капарбай" дыйкан чарбасынын башчысы Тайир Каримов ооруп жаткан аялын ооруканага алып бара албай жаны төрт чарчы болуп туруптур:

- Менин аялым азыр ооруп жатат. Сурансам өткөрбөйбүз дейт. Эми кантип алып барам, кыйынчылык болуп атат. Аябай оор.

Террордук жардырууларга чейин эле Өзбекстан тарап Барак анклав-кыштагынын тургундарына дагы бир жаңы тартип сунуштаган. Ал жөнүндө Буркан Ашыров кеп салды. Эскертип койчу жагдай - өткөн жылдан бери атайын тизмеге алынган барактыктардын менчик автомобилдери Кыргызстандан Баракка Өзбекстан чегин аралап кирип, чыгып калган:

- Өзбекстандын милициясынын чоңу Коргонту районунун постуна келип, ошол жерде турган балдардын баарына "Барак айылынын тизмесин кайрадан жаңыласын, себеби бирөөнүн машинасы менен бирөө бул жерден өтпөсүн. Качан гана машина өзүнүн атында болсо өткөрүлсүн, же болбосо бул жерден өтүүгө мүмкүн эмес. Райондук МАИден, биздин Өзбекстандын Коргонту МАИсинен бир сыйра текшерилип, бекитип туруп анан өтүшсүн" деп эскертип кетиптир.

Өзбекстан солдаттарынын жанынан кыздардын өтүшү баарынан кыйын болуп атат дейт Тайыр Каримов:

- Анча-мынча жаш студент кыздар өткөндө булардын тийишкендигин айтсак адамдын көөнү бузула турган жаман акыбалда калабыз.

Барак кыштагынын тургуну Токтомамат Курбанов да өзбекстандык аскерлердин жакында эле эстен кеткиc кордугун көргөндүгүн баяндады:

- Ушул чегарадан кыздарым менен кечирээк кайттым. Машинам жолдон бузулуп калып, саат тогуздарда келсем өткөрбөй койду. Эртең мененкиге чейин балдарым менен машинада жаттык. Суукта калдык. Мындайча айтканда биздин укуктарыбыз бузулууда.

Ал эми Кыргызстанга ушинтип узакка каттай албай тура берсе кандай болот деген суроого Барак айылынын башчысы Буркан Ашыров төмөндөгүчө жооп берди:

- Эл менен топтолуп пикетке чыгабыз, жеткен жерибизге жетишибиз керек. Ар нерсенин чеги бар. Чектен ашып кетип баратышат.

XS
SM
MD
LG