Өлкөнүн ички иштер министрлигинин жетекчилери айдоочулардын, коомчулуктун өтүнүчүн эске алып, 3 облусту кыдырып, МАИнин ишин текшерип келишкен. Коңшу өлкөлөргө чыккан эларалык жолдо 63 көзөмөлдөөчү пункт бар. Буларга кошумча дагы 20дай текшерүүчү жайлар пайда болгон.
Мамлекеттик авто инспекциянын кызматкерлери каалаган жерден унааларды токтотуп, ар түрдүү шылтоо таап, айып салган учурлар арбын кезигүүдө. Мамлекеттик авто инспекциясынан иштен бошогон мурдакы кызматкерлери төш белгилерин тапшырбай, жолго чыгып, өз билемчилик кылышкан фактылар да катталган. Өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн МАИнин 37 кызматкери иштен айдалып, анын 17исине кылмыш иши козголгон.
Өлкөдөгү жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматтын оош-кыйышы тууралуу айдоочулардын пикирлерине да назар салыңыздар. Бактыбек Нусупов - көп жылдан берки айдоочу:
- Булардын трассада көбүрөөк турушунун кажети жок эле. Көрүнгөн жерде тура беришет.
Тургунбай-айдоочу:
- Көп постторду алыш керек. Бир убакта алып салышкан, эл-журт эс алып калган болчу. Азыр кайра эле көбөйүп кетти. Күндүз токтотсо бир жөн, азыр түнү деле токтотуп калышкан. Форма кийип алып эле мен ГАИмин деп тоноп аткандар бар.
Семетей Төлөгөнтегин:
- Жайында негизи өзүнүн посттору чеги менен болот да. Бирок өздөрү каалаган жерге постторду коюп алып, мисалы Казакстандан келген туристтерге дагы ыңгайсыз шарттарды жаратып жатышат. МАИ кызматты өлкөдөгү эң коррупцияга баткан тармак десек жаңылышпайбыз.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаровдын пикири:
- Көп өлкөлөргө бардык. Мен такыр көрбөйм чет өлкөдөн МАИ тосуп, же болбосо палка көтөрүп токтотуп, тиги-бу деп сүйлөшүп турганын. Мен ойлойм, ушул - ашыкча.
Кыргызстандын эларалык маанидеги жолунда коопсуздукту сактоо милдети МАИ кызматкерлерине жүктөлсө, андан сырткары дагы башка министрликтер дагы жол тосушуп, өлкөдө баш-аламандык күчөдү.
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, токой чарбачылыгынын, салык кызматкерлеринин тийиштүү кызматтары дагы айдоочуларды токтотуп, документ текшере алышат.
Жыйында өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбеков "эларалык маанидеги жолдордо туруктуу көзөмөл постторундагы МАИ кызматкерлери гана машине токтотууга акылуу, башка жерден жол кырсыктары же жол эрежелери бузулганда гана токтотууга болот", деди.
Министрдин айтымында, айдоочу машинасынан түшпөй, МАИ кызматкери өзү басып барып, өзүн тааныштырып, анан документтерин текшериши керек. "Эгерде шылтоо таап, айып салса, ички иштер министрлигинин ишеним телефонуна чалып, айтышса, чара көрөбүз", деди министр.
1-апрелдеги жыйындын максаты да ушул багытта экендигин Б.Субанбеков минтип белгилеп өттү:
- МАИнин кызматкерлерине айдоочулар, депутаттар тараптан көп нааразычылыктар бар. Себеби акыркы күндөрү өздөрүнүн багып өстүргөн жашылча-жемиштерин базарга алып келатса жолдон кармап алып акча, болбогон документтерди сурап кыйнаган фактылар көбөйүп кетти. Ошол эле учурда мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин айдоочулары токтобой кеткен, кырсыкка учураган фактылар көп болуп атат.
Жыйында айтылганга караганда, жакынкы арада өлкөнүн МАИ кызматкерлери жаңы үлгүдөгү төш белгинин ээси болушат.