Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Иракта америкалык жарандардын табаланганы менен байланыштуу чатак уланууда


Ирактын Фаллужа шаарында бүгүн өткөн жума намаз учурунда шаардын диний жетекчилери 31-март күнү өлтүрүлгөн америкалык төрт жарандын денелери табаланганын сынга алды. Шаардык кеңеш дагы кечээ күнү кечинде табалоого катышкандарды айыптады. Бирок америкалык жетекчилик ага алымсынган жок, анткени ал адамдар өлтүрүлгөнү сынга алынбады. Америкалыктар кылмышкерлерди кармап берүүнү талап кылууда жана генерал Марк Киммиттин айтымында, ошондо гана маселе чечилген болот:

- Шаар жетекчилери өз кеңселеринен чыгып, биз менен жолугуп, алар ким экенин айтса, мүмкүн, аларды өздөрү камакка алса, ошондо гана түзмө-түз тирешүүдөн кутулса болот.

Кечээ күнү кечинде Бакуба шаарында дагы куралдуу кагылышуу болуп, эки полициячы өлүп, дагы экөө жараат алды.

XS
SM
MD
LG