Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР ОРУС ЖУРНАЛИСТТЕРИНИН СЕРЕПТЕРИНДЕ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Өзбекстандагы жардыруулар апта бою орусиялык басма сөз каражаттары тарабынан түрдүү өңүттө чагылдырылып турду. Трагедиялуу окуяга карата болгон себептер жана анын жалпы мазмуну орус кабарчыларынын жана серепчилеринин макалаларында кандайча берилди?

Өзбекстандагы жардыруулар тууралуу орус басма сөз каражаттарынан орун алган макалаларды алардын мазмунуна карата негизги үч топко бөлүп карасак болот:

1. Биринчи топко кирген басылмалар калгандарына караганда саны боюнча басымдуулук кылат жана өзүнө «Российская газета», «Трибуна», «Русский курьер», «Время новостей», «Ведомости», «Московские новости», «Известия», «Независимая газета» жана «Московкий комсомолец» гезиттерин камтыды.

Аталган басылмаларда айтылган негизги ой - «Өзбекстандагы жардырууларды жергиликтүү террористтик эки уюмдун бири уюштурган болушу мүмкүн». Ал эми аларды жардырууларга түрткөн жагдайды бул топко кирген гезиттер ар башкача түшүнүшөт. Мисалы, «Трибуна» менен «Независимая газета» «терористтер өзбек жетекчилигинен Ирактагы согушта АКШны колдогондугу үчүн өч алууну максат кылышкан» деп эсептешет. Ошол эле учурда «Российская газета» менен «Газета» басылмалары жанкечти аялдардын өзбек жеринде пайда болушуна жергиликтүү калктын ичинде оор турмуштан улам террористтик уюмдарга киргендердин катарынын улам көбөйүп жатышы себеп болду деп билишет.

2. Экинчи топтун өзөгүн түзгөн негизги гезит - «Коммерсант» күндөлүк басылмасы. «Коммерсант» жума бою өзбек окуялары тууралуу байма-бай жана кеңири маалымат берип турду. Макалаларда айтылгандай, «Жардырууларды террористик уюмдар эмес, ырасмий бийлик уюштурган болушу да мүмкүн. Анткени, акыркы жылдары радикалдык ислам уюмдары жергиликтүү калк тарабынан жогору колдоого ээ болуп, учурдагы президент Ислам Каримовдун режимине карата негизги саясий атаандаштыкты түзүү коркунучу пайда болгон».

«Ошондуктан, - деп жазат «Коммерсант», - 2002-жылы Түркмөнстан президенти Сапармурат Ниязов ага кол салуудан пайдаланып, түркмөн оппозициясын толугу менен жок кылгандай эле, Каримов да өзбек жериндеги жардырууларды шылтоолоп, ага саясий коркунуч туудургандарды майдандан четтетүү аракетин көрүп жатат. 2-3 күндүн ичинде эле жардырууларга катыштыгы болушу мүмкүн деп 200гө жакын адам кармалды».

3. Эми орус гезиттеринде Өзбекстандагы окуялар тууралуу жазылган макалалардын үчүнчү тобуна кайрылалы. Бул топко кошулган «RBC-daily» басылмасы буга чейинки гезиттерде берилген эки вариантты тең четке кагат. «Өзбекстандагы жардырууларга террористтик уюмдардын да, жергиликтүү оппозициянын да тикеден тике тиешеси жок. Өзбек сценарийи АКШ тарабынан Каримов режимин кулатуу максатында атайын уюштурулуп, ага Өзбекстан Ислам кыймылы да тартылган болушу ыктымал» деген тыянак чыгарат басылма.

Макалада айтылгандай, «АКШ бул максатын 1999-2000-жылдары Фергана өрөөнүнүн Кыргызстан менен чектеш тоолуу райондорунда болгон аткылашууда да жарым жартылай ишке ашырууга үлгүргөн». Ал эми АКШнын бул окуялардагы башкы кызыкчылыгы катарында басылма Вашингтондун жалпы эле Борбордук Азия регионундагы бай жумуриятты толук көзөмөлгө алуу ниети болду деген жоромолун айтат. Айрым орусиялык серепчилер мындай бир жактуу жана фактыга негизденбеген жоромолго макул эмес.
XS
SM
MD
LG